УКМК Чубак ажы Жалиловду суракка алып, ага расмий эскертүү берди. "Бүгүн, 9-июнда Чубак ажы Жалиловго расмий эскертүү берилди. Ал жума намаз убагында түшкү тыныгууну 1 саатка узартуу боюнча сунушту активдүү колдоп келген. Бирок мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралгандан кийин депутаттардын дарегине айткан билдирүүлөрү туура эмес", - деп айтылат УКМКнын берген маалыматында.