Өзгөн шаарында 6 килограмм баңгизат менен 55 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн шаарындагы май куюучу жайдын жанынан 6 килограмм өлчөмүндөгү
баңгизатын сатып жаткан Өзгөн районундагы Кызыл-Тоо айылынын 55 жаштагы жашоочусу кармалды. Кармалган жарандын турак жайын текшерүү учурунда да баңгизат табылган.
Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.