Азамат Жаналиев аттуу жигит тактай бетине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесин түшүрүп жатат. Кызыгы, сүрөтчү бул үчүн 2 килограммдан ашык мык жана бир канча чыгырык жип колдонгон. Бул тууралуу А.Жаналиев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, портреттин узундугу 2,5 метрди түзсө, туурасы 1,25 метрге барабар. Аны жаратуу идеясы Тарых жана маданият жылында эмгек жаратуу максаты менен байланыштуу.
"Пландалган жумуштар дээрлик аткарылып бүттү. Эмгегим бир-эки күндө толук даяр болот. Портретти бүтүргөн соң эмне кыларымды азырынча чече элекмин. Буга чейин мындай ыкма менен эч ким Айтматовдун элесин тактай бетине түшүргөн эмес", - дейт Азамат.
Кошумчалай кетсек, А.Жаналиев "Uluu Kyrgyz IZI" долбоорунун негиздөөчүсү катары белгилүү. Бул сүрөт анын долбоорунун кийинки баскычтарга көтөрүлүүсүнө шарт түзөт дейт.