SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненемди канткенде жактырам?" деген тема талкууга алынды.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мен сиздерден кеңеш алууну туура көрдүм. Кайненем өтө жакшы адам, бирок мен эмнегедир жактырбайм. Сүйлөсө эле жаман көрө берем. Мени өз кызындай эркелетип жүрөт, бир сөз айтса эле сөз кайтарып турам. Эмнеге мындай экенин ойлонуп, жооп таппай келем. Кайненемди көргүм, сөзүн уккум жок. Кайненем жакшы адам, "сен балаңды кара" деп жумуштарды өзү жасайт. Келин болгонума бир жылдан ашты, нан жаптыра элек, камыр жууруп көрө элекмин, бирок эмнеге жаман көрөрүмдү түшүнбөйм".
"Кайненеңди жаман көрсөң, эмне себептен жаман көрөрүңдү өзүң билишиң керек эле да. Кандай болгон күндө да кайненең сага жаман мамиле кылбаса, сен ага жакшы мамиле кылганга аракет кыл. Аракет кылуу, демек, сөзсүз жыйынтыгы болот, ичиңдеги жат адамга болгон кемсинтүү же андан сен жогору, мыкты экениңди сездирип турган текеберликтен арыл, жеңилдейсиң. Башка адамга, жат адамга жакшылык кылуу, ал сөзсүз кайтып келерине ишен. Ишеним көп нерсени чечет".
"Кайненеге кандай мамиле кылсаң, кийин келиниңден ошону көрөсүң. Ушуну эч эсиңден чыгарба".
"Бир тасма бар го, кайненеси аймактык милиция кызматкерин ээрчитип келип келинин коркутуп койгон. Сени да ошентип тарбиялап коюш керек окшойт".
"Тагдырдын тамашасыбы, ушундай келиндерге жакшы кайнене туш келгенин кара".
"Кайненеңиз балаңыздын кичинекей экенине карабай эзип иш кылдырып, жолдошуңузга кечке жамандап токмок жедиртсе эмне кылат элеңиз? "Мен кайненемди жаман көрөм" деп коёт, баласын жакшы көрүп эле тийгенсиз го? Кайнене бөтөн адам эмес да, сиздин жолдошуңуздун энеси. Ойлоп көрсөңүз, сиздин жолдошуңуз сиздин апаңызды жаман көрүп турса эмне кылмаксыз? Адам баарына ыраазы болушу керек. Кайненеңиз жакшы чыкканына шүгүр кылып, сүйүнүп, жыргап жашай бериңиз. Элдин кайненелерине көз жүгүртүп, анан ойлонсоңуз болот".
"Каргап-шилеп турганда көрөт элем, "Канткенде кайненеме жагам?" деп жазмаксың. Сен айткандай жакшы кайнене туш келгенине Кудайга миң мертебе шүгүр кыл. "Кайнененин кылыктары" деген темага кирсең кайненени кантип жакшы көрүп калганыңды билбей каласың. Жашоо - бумеранг, эртең эле сен да келин аласың, азыр сен кайненеңе кылган мамилең ошондо башыңа түшпөсүн".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.