Алай райондук сотунун 13 миң сомдук телефон үчүн 7 баланын атасын 6 жылга эркинен ажыраткан чечими жокко чыгарылды

Алай райондук сотунун 13 миң сомдук телефон үчүн айыпталуучуну 6 жылга эркинен ажыраткан чечими жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогору Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, соттолуучу К.И. аттуу жаран 2015-жылдын октябрь айында Алай районунун Гүлчө айылындагы ресторандардын биринде 13 миң сомго бааланган уюлдук телефонду уурдап кеткен. Соттук отурумда айыпталуучу күнөөсүн толук моюнуна алган. Ошол эле учурда келтирилген материалдык чыгым толугу менен ордуна коюлган.

Алай райондук соту үй-мүлкүн конфискациялап, күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Айыпталуучу өкүм менен макул болбой, башка жеңил жаза берүүнү суранган.

Ош облустук соту соттук ишти карап, чыгымдын ордун толтургандыгын эске алып, жазасын 5 жылга кыскарткан. Ал эми өкүмдүн калган бөлүгүн өзгөрүүсүз калтырган.

Соттолуучу 1953-жылы туулган, буга чейин сот жообуна тартылган. Анын 7 баласы бар экени белгилүү болгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (51)
Baltek
2016-06-15 23:28:05
Ушул сотторго тан калам.Булар бала бакырасын,урук тууганын ойлобойт окшой.Бумеранг деген тушунук бар.
+3
talant87
2016-06-15 23:34:02
админ ким экен соотун аты жонун билип бергилечи эл билсин болсо суроту менен сураныч
+2
Joki1
2016-06-16 00:48:48
100 мин доллар коррупция менен колго тушкон Коркмазов беле 1 жылга жетпей чыгып кеттиго. Соттор аябай чон иш кылыптыр.
+3
chakieva87
2016-06-16 01:25:01
ХХХ ХХХ ХХХ уурдаганда учуккан эмес эле го сооттор эми кайсы кара теке сузду бул сотторду
0
admin_portal
2016-06-16 09:42:57
chakieva87, кимдир-бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
-1
malikam
2016-06-16 01:33:04
эми ушул соттун тенирден тескери кеткенин баары билди урматтуу Жанар Акаев ушуга бир чара корбойсунбу сураныч молдолор менен айтышпай
+4
meerimka86
2016-06-16 01:33:07
ОШол сотторду ХХХ ХХХ ХХХ
0
ASMAN2016
2016-06-16 08:18:07
Ошол соттун телефонун уурдаган окшойтко,билбестен
+1
ASMAN2016
2016-06-16 08:23:49
Башта дагы эмне менен соттолгон экен,куноолуу болуп соттолуптурбу же куноосу жокбу,мумкун бир эле сотка эместир,бул маалымат толук эместир
0
admin_portal
2016-06-16 09:38:26
meerimka86, провокациялык билдирүүлөргө жол жок! Эскертүү!
0
admin_portal
2016-06-16 10:36:25
Nur-Aman, этика нормаларын сактаңыз!
0
modern-group
2016-06-16 10:54:08
менимче бир озун крутой сезгендердин телефонуна асылганго болбосо мынчалык болушу мумкун эмес
0
urmat-87
2016-06-16 11:52:08
Соттор качан адилеттүү чечим чыгарганын уктунар билбейм качан мыйзам чегинде иш кыларын,мен бир мисал айтып кетейин менин авамды бир акмак мас абалында (мас экенин мойнуна алган)ЗИЛ машине менен сузуп кетип өлтуруп салды буга кудум эле ушул телефон жоготкон СОТ 4(төрт)жыл үй камагына чечим чыгарбадыбы бул акмакчылык дегенге жатат уятта эми бир телефон учун телефон табылат а адамдын жанычы???
0
urmat-87
2016-06-16 11:54:37
СОТТОР наркы дуйнодо кандай жооп берет экенсинер кудай уруп кетет ээ корккулачы кичине
0
557
2016-06-16 17:52:11
Урматту сот кенеши тамга тааныбаса да кудай тааныган абийири бар бироону сот кылгылачы откондо бир сот айтат кредит алып сот болдум деп
+1
saat1200
2016-06-16 20:29:42
Шарманда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан