Францияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпиондугунун 1-турунда катталган кызыктарга токтолмокчубуз. Дүйнө эли көз салып жаткан континент биринчилигинде көпчүлүк футболдон тышкары бир катар кызыктуу көрүнүштөргө күбө болуп жатат. Маалымат үчүн айта кетсек, 1-турда жалпысынан 12 оюн ойнолду. Киргизилген голдордун саны - 22. Берилген сары айып кагаздарынын саны - 40. Кызыл айып кагаздарынын саны - 2.
1-ТУР ОЮНДАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ:
Франция-Румыния - 2:1
Албания-Швейцария - 0:1
Уэльс-Словакия - 2:1
Англия-Орусия - 1:1
Түркия-Хорватия - 0:1
Польша-Түндүк Ирландия - 1:0
Германия-Украина - 2:0
Испания-Чехия - 1:0
Ирландия-Швеция - 1:1
Бельгия-Италия - 0:2
Австрия-Венгрия - 0:2
Португалия-Исландия - 1:1
ФРАНЦИЯНЫ ЧОҢ УЯТТАН САКТАГАН ДИМИТРИ ПАЙЕТ
Туулган жылы: 1987-жыл, 29-март
Туулган жери: Реюньон, Франция
Ойногон клубу: "Вест Хэм" (Англия)
2016-жылкы Европа чемпиондугу тууралуу 10-15 жылдан кийин сөз болсо, эске келе турган футболчулардын бири - Димитри Пайет. Футболчу бүгүнкү күндө Франциянын башкы курамында ойноп, лидер катары өзүн көрсөтүп келүүдө. Ал Европа чемпиондугунун ачылышында Румыниянын дарбазасына 1 гол киргизип, 1 голго алып келген пас берди. Оюн аяктап калганда гол жаратып, Францияны мелдештин башында эле күйөрмандардын "тепкисинен" сактап калган Пайет оюндан кийин: "1 жыл мурун мага ушундай маанилүү мелдеште гол киргизесиң деп айтышса, "Акылдан айныган жоксуңарбы?" демекмин. Мен өз оюнумду көрсөткөнгө аракет кылдым", - деди.
Айып соккуларын тебүүдө, өнөктөштөр менен оюн курууда мыкты болгон Д.Пайет карьерасында "Нант", "Сент-Этьен", "Лилль" жана "Марсель" сыяктуу клубдарда ойноп келген. 2015-жылы ал англиялык "Вест Хэмдин" курамына кошулуп, ийгиликтүү ойноп келет.
ЭКИ МАМЛЕКЕТТИН НАМЫСЫН ТАЛАШКАН БИР ТУУГАНДАР
Европа чемпиондуктарынын тарыхында мындай көрүнүш биринчи жолу катталды. Швейцария-Албания беттешинде ага-ини Гранит жана Таулянт Жакалар бири-бирине каршы оюн өткөрүштү. Косоволук үй-бүлөнүн балдары Швейцарияда чоңоюшкан. Кийин Гранит Швейцария курамасын тандаса, Таулянт Албания курамасында ойноп баштаган.
"Агам экөөбүз бири-бирибизге каршы биринчи жолу ойнодук. Биз өз командаларыбыздын таламын талашып, болгон күчүбүздү сарптадык. Бул күндү биз унутпайбыз", - деди оюндан кийин Гранит.
ОРУСИЯНЫН БЕЙБАШ ФАНАТТАРЫ ФУТБОЛЧУЛАРДЫ КАТ ЖАЗУУГА МАЖБУР КЫЛЫШТЫ
Орусиялыктардын майданда иши жакшы жүрүшпөй жатат. Команда 1-турда сапатсыз футбол көрсөтүп, бирок Англия менен тең чыкканга жетишти. Футболчуларга караганда Францияда фанаттар айырмаланышты. Алар Англиянын фанаттарына каршы массалык мушташ уюштурушкан. Алардын "чабуулунан" каршылаш фанаттар гана эмес, мелдештен пайдаланып кирешесин көбөйтүп алууга аракеттенген кафе ээлери да жабыркашты. Баарынан кызыгы, Орусия курамасы да жабыркап кала жаздады. Себеби УЕФА эгерде ушундай көрүнүш каттала турган болсо, команданы мелдештен четтете турганын жар салды.
"Сиздер Франциянын аймагында өзүңүздөрдү жакшы алып жүрсөңүздөр, биз майданда колдон келишинче аракет кылып, жакшы оюн көрсөткөнгө аракет кылабыз" деп жазылган Орусиянын машыктыруучусунун жана футболчуларын кайрылуусунда.
ИСЛАНДИЯЛЫКТАР КРИШТИАНУ РОНАЛДУНУ "ТААРЫНТЫШТЫ"
Гуннарссон: - Криштиану, футболка алмашпайлыбы?
Роналду: - Футболка алмашпайлыбы? Сен кимсиң?
Гуннарссон: - Исландиянын Акюрейри шаарындагы Гуннардын баласымын...
Португалия курамасы менен Исландия 1:1 эсебинде тең ойноп, жеңүүчүнү аныктай алышкан жок. Коргонууда мыкты ойноп, кези келгенде каршы чабуул уюштурган Исландия курамасы бул эсеп катыштыгына макул болчу. Бирок сапаттуу футболу менен айырмаланган Португалия курамасы оюндун 1:1 эсебинде аякташын каалаган эмес.
Беттештен кийин Роналду: "Исландия мелдеште алдына максат койгон жок. Атаандаштын 90 мүнөт коргонууда ойноп, анан тең чыгууга Европа чемпиону болгондой кубанганы таң калтырбай койбойт", - деди.
Роналдунун нааразы болгонун бул сөздөрдү айтканга чейинки видео тастыктап турат. Оюндан кийин Исландиянын капитаны Арон Гуннарссон Роналдуга келип, футболка алмашууну суранды. Криштиану буга каршы болуп, анын ким экенин сураганда кызык жооп алды. Арондун өзүнүн атасынын атын, анын каякта экенин айткан (анын атасынын аты Гуннар, Исландияда эркек балдардын фамилиясына "сон" деген мүчө уланат).
"ТУФАН ЧАЧЫН ТҮЗДӨП, МОДРИЧТИН ГОЛ ЖАРАТУУСУНА СЕБЕП БОЛДУ"
1-тур оюндарынын алкагында талкуу жараткан көрүнүштөрдүн бири түрк футболчусу Озан Туфандын кылыгы болду. Түркия-Хорватия беттешинде футболчу өз дарбазасына чабуул болуп жатканда, атаандаштан топ талашууга тийиш болчу. Бирок ал бир саамга чачын түздөп, алаксып кетти. Дал ушул учурда Лука Модрич топту дарбазага таамай багыттап, жеңиш голун киргизди.
Түрк басылмалары катуу сынга алып жаткан дагы бир көрүнүш Түркиянын жаш футболчусу Емре Мордун жеңиш голун киргизген Лука Модрич менен сүрөткө түшкөнү болду. 18 жашка чыга элек Емре Мор беттештен кумири менен сүрөткө түшүү үчүн аны бир топко күткөн.