Дайыма чачтын түсүн өзгөртүп боёо көпчүлүк айымдарга тааныш көрүнүш. Кызыгы, чачтын өңүн өзгөртүү менен аялзаты өзүнүн ички дүйнөсүн тынчтандыра алат экен. Психологиялык изилдөөлөргө таянсак, аялзаты сырткы сулуулугун өзгөртүүнү чачын кыскартуу, башка түскө боёо, кыскасы, сулуулук салонуна баш багуудан баштайт.
Ошондой эле чачтын өңүнөн кандай мүнөздөгү адам экенин да билүүгө болорун айтышат психологдор. Кыргыз элине белгилүү айымдардын чачтарынын түстөрү жана алардын мүнөздөрү тууралуу баяндап беребиз.
Алгач кыргыздын кара чачтуу кыздарына токтолсок. Бул тизмеде депутат Аида Салянова, ырчы Чолпонай, журналист Айнура Кабатай кызы жана башкалар бар. Психологдун айтымында, кара чачтуулар кумардуу, күчтүү болушат. Чачтын мындай өңү адамга ишеним тартуулайт.
Кара чачтын ээлери катуу тартипти карманган, максатына жетүү үчүн талбай аракеттенген адамдар болушат. Мындай айымдар сырдуу жана чечкиндүү келишет.
Ырчы Айдана Дека: "Стилист менен кеңешип, учурдагы кара-күрөң түстү тандаганбыз. Чачымдын өңүн өзгөртүү оюм бар, бирок ачык түскө боёбойм. Блондинка болуп эксперимент кылууга даяр эмесмин".
"Non-Stop" дуэтинин ырчысы Чолпон ачык күрөң түстү тандайт.
"Мен чачымды сары, кызыл, дагы башка өңдөргө боёп, эксперимент кылуудан коркпойм. Бир айда бир салонго баш багып, боётуп турам. Социалдык тармактардан "Чачыңыздын өңү кандай түстө?" деп көп сурашат. Акыркы кезде съёмкаларга көп чыктым. Андыктан чачым күнгө күйүп, өңү өзүнүн табигый түсүнө окшошуп калды", - деп билдирди ырчы Чолпон.
Жеңил, назик элес калтырууга жана көпчүлүктүн көңүлүн буруу үчүн айымдар чачын ак саргыл түскө боёосу зарыл. Кыргыз шоу дүйнөсүндө Сарышка атка конгон Назгүл Токтакунова, "Style mix" триосунун ырчысы Илима Дуйшеналиева ушул түстү тандаган.
Назгүл Токтакунова бизге берген маектеринде "чачымды эксперимент кылгандан коркпойм, кызыл, жашыл, күрөң, саргыч, кара, айтор, болгон түстөргө боёп чыккам, бирок досторум сары түстөгү чачымды жактырышат" деп билдирген.
Ал эми Илима Дуйшеналиева: "Жаңычылдык, өзгөчөлүк каалап, чачымды ушул түскө боёгом. Өзүмө да абдан жагып калды. Азырынча башка түскө боёо тууралуу ойлоно элекмин", - дейт.
Сары чач тентек, эркелерге туура келет. Кыргыз шоу дүйнөсүндө сары чачтуулардын арасында актриса Рахат Божокоева, ырчы Айя Садырова бар.
"Сени жакшы көргөн адамдардын айланасында эркелеп жүрө бергиң келет. Ооба, бир аз эркелигим бар. Ал эми чачымдын өңүнө келсек, образымды өзгөртүү максатында чачымды башка түстөргө боёп турам. Азыр күрөң түстө", - дейт актриса Рахат Божокоева.
Акыркы мезгилде чачты омбре кылып боёо модада. Мындай боёодо түп жагынан чач кара же күңүрт түстө болуп келип, ортолоруна келгенде ачык түскө өтөт. Ырчылар Жийдеш Идирисова, Айгерим Расул кызынын чачтары жогоруда айтылган стилде боёлгонун байкоого болот.
Белгилей кетсек, психологияда чачын кызыл түскө боёгондор жеке жашоодо, чыгармачылыкта дайыма өзүнүн идеалын издөө менен алек болушат экен. Ошондой эле алар өзүнө башкалардын көңүлүн бурдурууну каалашат.
Ырчы Айгерим Расул кызы чачынын өңү тууралуу буларга токтолду: "Күзгүдөгү көрүнүшүмдү өзгөртүүнү кааладым. Алгач сулуулук салонундагы кызматкерлер кызыл түскө боёону сунушташты, бирок мен бир аз гана кызыл түс берүүнү чечтим. Негизи, мага кара чач жагат. Азыр кайра кара түскө боёгум келип жатат".
Ырчы Салтанат Аширова да чачын кызыл түскө боёгон.
Ал эми чачынын түсүн ай сайын өзгөрткөндөр изденүүдө жүргөндөр же өзүнө канааттанбаган адамдар болушат.