Португалия курамасы Франциядагы Европа чемпиондугунун чейрек финалына чыккан үчүнчү команда болду. Португалиялыктар Хорватия курамасы менен беттешип, 117-мүнөттө жеңиш голун киргизишти. "Феликс Болар" стадионунда өткөн беттештин негизги убактысы 0:0 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктап, командалар 30 мүнөттөн турган кошумча убакытты ойношту.
Эки команда тең демилгени колго алып, биринчи номер болуп ойноодон баш тартышты. Командалар коргонууга ыктап, каршы чабуулда ойноону чечишкен. Ушуга байланыштуу дарбазага багытталган соккулардын саны күтүлгөн көрсөткүчтөн аз болду. 117-мүнөттө көпкө созулган хорватиялыктардын чабуулу натыйжа берген жок. Каршы чабуул уюштурган португалиялыктардан Криштиану Роналду топту дарбазага багыттады. Дарбазачы бул топту тосуп алганы менен, Рикарду Куарежманын соккусунун мизин кайтара алган жок.
Жыйынтыгында Хорватия курамасы мелдештен четтеп калды. Португалия курамасы чейрек финалда Польша менен беттешмекчи.