25-июнда футбол боюнча өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда 3 беттеш орун алды. Кант жана Бишкек шаарларында өткөн беттештерде үй ээлери жеңилүү ызасын тартышты. Жыйынтыгында бул күнү "Дордой", "Алай" жана "Алдиер" клубдары үчтөн упайга ээ болушту.
"Абдыш-Ата" (Кант) - "Дордой" (Бишкек) - 0:1
Гол: Дениэл Тего (32-мүнөттө).
"Алдиер" (Куршаб) - "Кара-Балта" (Кара-Балта) - 5:1
Голдор: Манас Абдырасул уулу (23, 82, 93-мүнөттөрдө), Станислав Геращенко (33-мүнөт, автогол), Болот Эрнис уулу (92-мүнөттө) - Вадим Ли (18-мүнөттө).
"Ала-Тоо" (Нарын) - "Алай" (Ош) - 2:4
Голдор: Эльдар Жумагулов (54-мүнөт, 71-мүнөт) - Алиа Силла (4-мүнөт, 45-мүнөт), Максатбек Алимов (24-мүнөт), Гергий Славный (37-мүнөт, автогол).