super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Ташиев, Мамытов жана Жапаровдун бошотулушун талап кылып ачкачылык жарыялагандардын бүгүнкү абалы

 
Жалал-Абад облусунда ЖКнын депутаттары К.Ташиев, Т.Мамытов жана С.Жапаровдун боштондугун талап кылып ачкачылык жарыялап отургандардын талабы дале күчүндө. Алгач ушул жылдын 4-5-октябрь күндөрү Барпы айылынын аймагынан Бишкек-Ош унаа жолун тоскон эл 5-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтына боз үй тигип, ачкачылык акциясын башташкан болчу. Башында 9 адам ачкачылык жарыялаган болсо, 10 күн аралыгында алардын саны 40ка жеткен. Азыркы күндө жалпысынан 26 адам бул акцияны улантууда. 80 жаштагы Бурганай Калматованын айтымында, энелер өз талаптарынан кайтышпайт. "Биздин уулдарыбыз боштондукка чыгарылышы керек. Түнү-күнү астыбыздан өткөн суукка карабай ушул жерде отурабыз. Абалы начарлап ооруканага түшкөндөрдү врачтар жакшы карабай жатышат. Аз эле болду, кош бойлуу келинди үйүнө жөнөтүп жибердик. Элдин камын ойлогон уулдарыбыз үчүн керек болсо өлүмгө да даярбыз. Эгер энелердин үнүн укпай отура беришчү болсо, анда аларды чыгарып алуу үчүн түрдүү кадамдарга барабыз",- дейт. 
Учурда ачкачылык жарыялагандардын абалына шаардык "Тез жардам" бөлүмүнүн фельдшерлери нөөмөт менен көз салышууда. Алардын айтымында, бүгүнкү күндө эки эненин кан басымы бийик жана суук тийгизип алгандар бар. Аларга дарылар берилип, абалы каралууда.


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
25.10.2012. 14:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
18-10-2010
Соӊку аракети:
03-05-2018 16:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
ишениш кыйын 20 кун ачка олтургандарына, жаны эле тамак ичкен менден да жакшы го жуздору.
25.10.2012. 16:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
11-08-2012
Соӊку аракети:
30-12-2014 03:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл эмне олтурат? Президент нормальный адам болсо Кумторду козомолго алып, Кыргызстанга пайдасы болбосо жаптырып салбайбы.
25.10.2012. 18:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
130
Катталган:
24-07-2012
Соӊку аракети:
14-09-2018 20:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
0
бийликтегилер енелерибизди кыйнабай тезинен еле чечип берсе жакшы болмок камап же бошотуп.
25.10.2012. 21:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
690
Катталган:
10-03-2010
Соӊку аракети:
21-09-2017 13:32
Жынысы:
Белгисиз
0
bektursun2010, бийликтегилер аларга аш бербей кыйнабатабы? Жебеген оздору го, обу жоктор.
25.10.2012. 22:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
85
Катталган:
13-11-2009
Соӊку аракети:
21-07-2018 23:14
Жынысы:
Белгисиз
+4
Debi, Алар балам деп олтурушат,эненин кадырын сенин да башына тушкондо билесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: