Бүгүн, 2-июлда футбол боюнча Европа чемпиондугунун кезектеги чейрек финалдык беттеши орун алат. Анда чемпиондукка башкы талапкер катары саналган командалар Германия жана Италия өз ара беттешмекчи.
Командалар бири-бирин жакшы тааныйт. Тарыхта алар өз ара 33 беттеш өткөрүшкөн. 15 ирет Италия курамасы утса, 10 беттеште тең чыгуу катталган. Калган 8 беттеш немис футболчуларынын жеңиши менен аяктаган.
Учурда Германиянын курамында атайын жаза өтөп, оюнга чыкпай турган оюнчу жок. Ошондой эле жаракат алгандар да жок. Ал эми Италия курамасынан Тиаго Мотта өткөн оюндардагы сары айып кагаздарына байланыштуу майданга чыга албайт. Даниеле де Росси менен Антонио Кандрева жаракат алгандыгына байланыштуу улуттук курамага жардам бере албасы маалымдалган.
ГЕРМАНИЯ-ИТАЛИЯ
Бордо шаары. "Стад-де-Бордо" стадиону
Калыс: Виктор Кашшаи (Венгрия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)