Жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген адамдар ар дайым коомчулуктун көз алдында болушат. Эл алардын кызматына байланыштуу ар бир ишин байкап, мактап да, сындап да турат. Бирок чоңдор жеке жашоосунда эмне менен алектенери, кайсы хоббисинен рахат алары көп учурда жалпыга жарыяланбай келет. "Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат" демекчи, бийлик башындагылардын арасында таланттуу адамдар кездешет.
Музыка жараткан, ыр жазган, сүрөт тарткан президент Атамбаев
Жакында өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жан дүйнөсү ырлары менен ачыла баштады. Президент жаш кезинде өзү жараткан “Судьбе назло” ырын гитарада ырдап, чыгарма 2-июлда интернетке тараган. Мурда-кийин Кыргыз президенттеринин ырдаганын көрбөгөн көпчүлүккө бул окуя күтүүсүз болду. Ырдын башында өлкө жетекчиси чыгарманын тарыхына токтолуп, “Бул ыр алгачкы ырларымдын бири, менин жашоомдун девизи сыяктуу. Кыйынчылыктарды басып өтүүмө жардам берчү” деп билдирген. 7-июлда интернетте Атамбаевдин аткаруусунда "Я не могу жить без тебя" аттуу дагы бир ыры интернетке тарады. Чыгарма 2009-жылы жазылганын, орусиялык акын Николай Асеевдин ырынын сөздөрүн өзү чертип жүргөн вальстын кайрыктарына салганын айтат президент.
Мындан тышкары мамлекет башчы жаш кезинен сүрөт тартып жүргөнүн анын кызы Алия Шагиева жарыялаган. "Ал жаш кезинен музыка жаратып, ырларды жазчу, элестеткиле, жадакалса сүрөт да тартчу. Жакында эле анын жаш кезинде, менин курагымдагы кезде тарткан сүрөт альбомун барактап калдым. Искусствого болгон шык мага андан өткөн. Рахмат, рахмат!" - деп Фейсбукта жазган президенттин кызы.
Үч ырлар жыйнагынын автору, парламент спикери Турсунбеков
Өлкөнүн экинчи адамы, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков Кыргыз жеринде эң бай жана таасирдүү адамдардын бири экенин коомчулук жакшы билет. Анын негизги кесиби Кыргыз тили жана Кыргыз адабияты боюнча мугалим экени да коомго белгилүү. Турсунбеков карьералык тепкич менен жогору өсүп жатып чыгармачылыкка болгон сүйүүсүн унутпаган өңдөнөт.
"Жүрөктөгү жаңырык" аттуу алгачкы ыр жыйнагы 1985-жылы 25 жаш курагында "Кыргызстан" басмаканасында редактор болуп иштеп жатканда жарык көргөн. Кийинки "Шаарда жоголгон сөз" аттуу ыр жыйнагын 1991-жылы Кыргыз улуттук университетинде сабак берип жаткан кезинде чыгарган. Кийин Турсунбеков узак мөөнөткө созулган чыгармачылык тыныгуу алып, "Жалын-Тоо" аттуу үчүнчү ыр жыйнагын 2014-жылы чыгарат. Китебинин бет ачар аземинде Турсунбеков поэзияга кантип, качан кызыгып калганын төмөнкүдөй айтып берет:
"Мен 5-класста окуп жүргөндө биздин айылга Шарапат Ибраева деген эжеке келип калды. Ал Каракол педагогикалык институтун бүтүргөн математик экен. Ошол эжекебиз бизге класс жетекчи болду. Ал бир күнү “Жаңы жыл келатат, ага карата ыр жазып келгиле” деп тапшырма берди. Эртеси мен жазган ыр жарап, мугалимибиз мени мактап, ошондон кийин бир класстын акыны болуп калдым".
Мекенинин кооз жерлерин кыдырганды жактырган өкмөт башчы Жээнбеков
Сооронбай Жээнбековду жакындан тааныгандардын айтымында, азыркы премьер-министр өзүнүн өрөөнүндө мыкты улакчы болгон экен. Өзү да муну бизге тастыктады. Азыр бош убактысы азыраак. Бош убактысын чакан мал чарбасында өткөргөндү жактырат экен. Ат минип, тоо бойлоп эс алганды жакшы көрөт. Мындан сырткары өзү унаа айдап, Кыргыздын керемет кооз жерлерин кыдырганды да жактырат.
Тамактын түрүн жасаган Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева
Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева улуттук тамактын түрүн жасаганды жакшы көрөт, үй-бүлөсүнө колу бошору менен түрдөп тамак жасап берет. Андан тышкары кол өнөрчүлүк менен алектенет.
Жөө басканды жакшы көргөн социалист Текебаев
Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин бош убактысы аз. Бирок иши эрте бүткөн кезде жөө басканды жакшы көрөт. Борбор калаада же чет жерде болгондо шаарлардын көчөлөрүндө басканды жактырат. Айылда болсо талааларды көп кыдырат. Жөө басып жүргөндө жакшы ойлор келип турарын айтат Текебаев.
Шаарды гүлдөткүсү келген Бишкек мэри Ибраимов
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жеке турак үйдө өскөндүктөн, экологиялык ландшафт дизайны менен бала кезинен бери алектенет. Кереметтүү туулган жеринен эргүү алат. Учурда анын ээлеген кызматына байланыштуу дизайнга болгон кызыгуусу жанданды. Борбор калаага "жашыл шаар" наамын кайтаргысы келерин айтат калаа башчысы.
Кыска накыл сөздөрдү чогултканды жакшы көргөн Сарпашев
Экс-биринчи вице-премьер-министр, учурда Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин хоббиси башкалардыкынан айырмаланат. Ал дүйнө жүзүндөгү кыска накыл сөздөрдүн, макал-лакаптардын жыйнактарын чогултат. Анын үйүндө кыска накыл сөздөрдү камтыган китептер көп. Бош убакта ошол китептерин окуганды жакшы көрөт.
Экзотикалык гүлдөрдү өстүргөн министр Батыралиев
Өлкөнүн жарандарынын ден соолугуна кам көргөн саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев табият менен тыгыз мамиледе болгон адам. Ал көп жыл бою Түркияда жашап-иштеп келген. Түркиялыктар ар бир жер тилкесин жогору баалап, туура пайдаланганы дүйнөгө белгилүү. Батыралиев алардан жер пайдаланууну жана гүл өстүрүүнү үйрөнүп, мекенинде бул өнөрүн көрсөтүүдө. Маселен, ал Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын айланасында экзотикалык гүлдөрдү өстүрөт. Иш сапарлары менен чет өлкөлөргө барганда министр ар түрдүү кооз өсүмдүктөрдү алып келип отургузуп, өзү багат.
Окуучуларды шахматты сүйүүгө чакырган депутат Бекешев
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев шахмат боюнча Спорт чебери наамына талапкер. Парламенттеги трибунадан пайдаланып ал бул интеллектуалдык оюнду өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Анын демилгеси менен мектептерде шахмат боюнча ийримдер ачылган. Бекешевдин айтымында, шахмат оюну балдардын акыл-эсин жана аналитикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрөт.
Тоо жаратылышына суктанган депутат Мавлянова
"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Махабат Мавлянова огороддо жашылча-жемиш өстүрүп, алардан түшүм алуудан жана гүл тигип, гүлдөгөнүн көргөндөн рахат алат. Тоолорго чыгып жаратылышка көп суктанат, китеп окуйт жана йога менен машыгат. Өзгөчө жаратылышта чуркаганды да жакшы көрөт.
Дзюдочу депутат Масабиров
Жогорку Кеңеште спорт менен алектенген депутаттар аз эмес. Алардын бири - дзюдо боюнча Дүйнө чемпиону, "Кыргызстан" фракциясынан депутат Таалайбек Масабиров. Бош убакта ал "Спартак"
спортзалында машыгат, жаштар үчүн мастер-класстарды уюштуруп турат. Баласы менен биргеликте бокс менен машыгат. Ошондой эле Масабиров Кыргыз спортчуларына Олимпиада оюндарына жолдомо алууга жардам берип келет. Дем алыш күндөрү велосипед тепкенди да жакшы көрөт.