Жалал-Абадда Июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган жаранды сот залынан бошотуп жиберген 3 судьянын иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2012-жылы Сузак райондук соту Н.Ш. аттуу жаранды 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча иште күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бирок 2013-жылы Жалал-Абад облустук сотунун М.А., Б.Т., М.А. аттуу үч судьясы Н.Шны бир эле берене боюнча айыптап, сот залынан бошотуп жиберген. Ошол эле күнү кылмышка шектүү изин жашырып кеткен, учурда ал мамлекеттер аралык издөөдө жүрөт. Мындан улам 3 судьянын үстүнөн кылмыш иши козголуп, ишти Жалал-Абад облустук прокуратурасы тергеген.