Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 7-июлда Баткен облусундагы
Айгүл-Таш-Согмент-Чарбак-Таян унаа жолунун абалы менен таанышты.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Бакир Жолчиевдин айтымында, аймактагы ички жолдордун абалы өтө начар, жергиликтүү бюджеттин каражаты тартыш болгондуктан кыйынчылык жаратууда. Аталган жолдун курулушуна 2013-жылы 30 миллион сом каралса, ал толук түшкөн эмес. Ошондон улам анын 16 чакырымына шагыл төшөлүп, калган бөлүгүнө акча жетпей калган.
Турсунбеков транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровго жолду министрликтин карамагына өткөрүп алып, жол куруу иштерин кышка чейин бүтүрүү, ал эми өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновго сел алган көпүрөлөрдү тезинен калыбына келтирүү тапшырмасын бергенин ЖКдан билдиришти.
Жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Газ айылындагы мектептин мугалими окуучусу Тынчтык уулу Закир жакында химия сабагы боюнча республикалык олимпиадада экинчи орунду жеңип алганын айтып, спикер окуучуну жеңиши менен куттуктап, анын сүйүнчүсүнө мугалими аркылуу 30 миң сом берип жибергени айтылат маалыматта.