Соңку мезгилдерде "Балдар - биздин келечегибиз", "Өлкөнүн эртеңи балдар менен" деген ураандар байма-бай айтылып келет. Терең маанини камтып, таасын айтылган сөздүн көчөдө балдарын жетелеп, кайыр сурап жүргөн Айдай Абдуллаеванын балдарына тиешеси жоктой.
Айдай Абдуллаева 27 жашта. Кара-Кулжа районунун тургуну. Учурда борбор калаадагы батирлердин биринде жашайт. Оштогу медициналык окуу жайды аяктаган, бирок өз кесиби менен таптакыр иштеп көргөн эмес. Балдарына тамак-ашка каражат табуу үчүн эл көп чогулган жерлерде колуна эки айлык баласын көтөрүп алып кайыр сурап жашоосун өткөрөт.
Бактылуу жашоодон үмүт үзбөй, кайыр сурап 3 баласын багып жаткан 27 жаштагы Айдай Абдуллаеванын оорукчан апасынан башка жакын адамы жок. Айдай 3 баласын тең операция жолу менен төрөгөн. Улуусу тубаса майып.
"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балама 3 миң сом мамлекеттен пенсия алганым үчүн кирешеңер ашып кетет экен деп кийинки эки балама жөлөк пул бербей койгон", - дейт Абдуллаева.
"Операция жолу менен төрөп, оор жумуш жасай албай калдым. Биринчи жолдошум бейбаш балдардын колунан каза болду. 5 жылдан кийин кайрадан турмушка чыгып, бирок турмушум оңдуу болбой калды. Жолдошум ичкиликке берилип кетти. Ажырашууга туура келди. Учурда иштебейм. Батирдин акчасын төлөй албай, көчө кыдырып кайыр сурайм", - дейт Абдуллаева.
Жолдошунун ичкиликке берилип кеткени турмуш түйшүгүн татаалдатып, кайыр сураган абалга келген, анткени жумушта иштеп каражат табууга мүмкүнчүлүгү жок. Балдары жаш. Уулуна кошулуп апасы да 2-топтогу майып. Психикалык жактан оорулуу болуп калган. Кээде жакшы сүйлөп, кээде акыл-эске сыйбаган кылыктарды жасап жиберет. Айдай Абдуллаева балдарын апасына таштоо кооптуу экенин айтууда.
Биздин чыгармачыл топ Айдай Абдуллаеванын батирине барганда анын апасы Айчүрөк Зикирова ошол жерде экен. Кызы менен маек куруп жатканыбызда чыгармачылык топко тоскоолдук жаратып жатты. Андан соң аны менен да маек курдук.
"Мен баса албай калдым. Бутум ооруйт. Кызымдын балдарын карай албайм. Алысыраак жакындарымдын үйүндө жашайм. Эки бир тууган иним бар. Алар менен байланышым жок. Бири ичкиликке берилип кеткен. Экинчиси таптакыр дайынсыз. Кайда экени белгисиз", - деди Зикирова.
Айчүрөк Зикирова кышкысын үйүнүн жанындагы базарга барып ысырык сатат. Бала карагандан көрө бир орунда отуруп ысырык саткан жеңил деп эсептейт. Анын айтымында, ойноок балдар көчөгө басып кетишсе, аларды токтотууга чамасы жок, себеби ал басканда кыйналат.
Азыркы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусунда өкмөттүн өкүлү болуп турганда жардам берип турганын айтышты.
"Жердешибиз Сооронбай азыр премьерлик кызматка келгенден бери жардам бере элек, биз менен байланыш үзүлүп калганбы... Турмушубуз татаалдашып кетти, чоң кызматка келиптир, жардам берер деп кызым экөөбүз үмүттөнүп жатабыз", - дейт Айчүрөк Зикирова.