Казакстандын Алматы шаарында кечээ, 7-июлда "Эхо Азии-2016" Эл аралык цирк искусствосу боюнча фестиваль жыйынтыкталды. Анда кыргыздын ийилчээк кызы Чынара Мадимкулова буту менен жаа атуу боюнча чеберчилигин мыкты деңгээлде көрсөтүп, алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу маалымат Казакстандын мамлекеттик циркинин интернеттеги өздүк баракчасына жарыяланды.
Фестивалдын жыйынтыгында "Профессионалдуулук жана жогорку аткаруу чеберчилиги" номинациясында 3 алтын медаль Чынара Мадимкуловага, казакстандык Серика Бурашевага жана Роман Маркин жетекчилик кылган орусиялык таланттарга тапшырылган.