Сүрөтчүлөр үчүн эң кыйыны - кичинекей балдарды сүрөткө тартуу. Себеби бир орунда турбаган балдардын кыймыл-аракетин, жылмайганын кадрда кармап калуу ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Интернет ааламында балдай таттуу, татынакай наристелердин сүрөттөрүн көргөн соң ата-энелер да өздөрүнүн наристелерин эстеликке сүрөткө түшүргүлөрү келет эмеспи. Бирок чыныгы жашоодо ар дайым адам кыялдангандай болбойт жана идеалдуу сүрөт тартыла бербейт. Чыныгы жашоодо баары кандай болорун ийгиликсиз, бирок күлкүлүү сүрөттөрдөн байкоого болот.