Түркиядагы аскердик төңкөрүш жасоо аракети боюнча Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору Себахаттин Балжынын окуу жайдын жыйынында айткан билдирүүсү интернет түйүндөрүндө катуу талкуу жаратууда. Төңкөрүштү жасоо аракетине Түркия бийлиги белгилүү түрк диний аалымы Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Окуу жай жетекчиси Балжы мырза Гүлендин Кыргыз жеринде да тарапташтары бар экенин айтып, кыргыз бийлигин Түркиядагы окуялардан сабак алышы керектигин билдирген.
Себахаттин Балжынын: "Менин пикиримде, Түркиядагы окуяны биздин бир тууган кыргыз эли, боордош кыргыз бийлиги терең карап, ойлонгон чечим чыгарышы керек. Өз мекенине, өз элине мындай жаман иштерди кылгандар Кыргыз Республикасы үчүн канчалык жаман иштерди кыларын эсине алышы керек. Анан сөзсүз түрдө чечим кабыл алышы керек", - деп айтканы айрым ММКларга жарыяланган.
Анын мындай пикирин айрым интернет колдонуучулар катуу талкууга алышууда. Режиссёр Сүйүн Откеев Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу: "Себахаттин Балжы Кыргыз мамлекетин да атайын ызы-чууга тартууга аракет кылып жатат. Кыргыз жараны катары мени да аябай өкүндүрдү", - деп жазып чыкты. Сүйүн Откеев анын билим берүү милдетинен башка милдети жок болгондуктан, Түркиядагы окуяларга Кыргыз мамлекетин аралаштырбоого чакырды.
Эскерте кетсек, 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болду. Соңку маалыматтарга таянсак, куралдуу жаңжалдан 265 адам каза тапса, 1440 адам жаракат алып, 6000дей адам төңкөрүш жасоого шектелип камакка алынды.