super.kg logo

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын баннерлери мамлекеттик тил боюнча мыйзамды бузууда

 

Бул туурасында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдоканов "бизден башка бир дагы өлкөдө мейманды башка элдин тили менен тоспойт" деп билдирген.

"Жарнама боюнча мыйзамдын 5-пунктуна ылайык, жарнама, кулактандыруулар мамлекеттик тилде, андан соң расмий тилде жазылышы керек. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамдын 27-беренесинде "кулактандыруу, прейскурант, жарнамалар алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жазылышы керек" деп турат. Көчмөндөр оюндары тууралуу баннерлерде мына ушул эрежелер бузулган. Биз мындай мыйзам бузуулар боюнча эч кимди жоопко тарта албайбыз, болгону уяткаруу менен гана чектелебиз", - деп билдиришти Мамлекеттик тил комиссиясынан.

Ал эми сөз болуп жаткан баннерлер боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгына кайрылуу жиберилген.

Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Чолпон -Ата шаарында 3-8-сентябрь күндөрү өткөрүлөт.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(11)
19.07.2016. 14:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
31-07-2010
Соӊку аракети:
15-11-2018 12:23
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+9
Башында кыргызчаны тушунбогон киргиз отурса анан кантип кыргызча жаздырмак эле
19.07.2016. 15:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
07-09-2015
Соӊку аракети:
24-10-2016 19:36
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыз тилинде жазылыш керек,туура айтылган.
19.07.2016. 15:27 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
18-07-2016
Соӊку аракети:
09-08-2016 12:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир Чолпон Атада болот. Бир Бостериде болот дебейчи э. Бостери айыл өкмөтүнө караштуу Бакту Долоноту айылында болот деп туура жана так жазгылачы эй.
19.07.2016. 15:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
429
Катталган:
10-06-2016
Соӊку аракети:
04-06-2018 17:22
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран элим, кайда баратабыз ?
Арабизация деп шылтоолоп, нукура кыргыз тилин кийинкиге сактап койгонбуз. Ошол себептен колдонбойбуз.
19.07.2016. 15:44 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
11-10-2008
Соӊку аракети:
19-07-2016 16:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-4
"... ири көлөмдөгү иш-чарага арналган көрнөк-жарнактар илинип, маалыматтар берилип жатат".

"Ири көлөмдөгү иш-чара" болбойт, "ири масштабдагы иш-чара" болот.
19.07.2016. 16:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
09-07-2016
Соӊку аракети:
06-09-2016 16:25
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыз копсо орусча суйлойт болуптурго!!
19.07.2016. 16:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
06-02-2016
Соӊку аракети:
14-06-2018 02:49
Жынысы:
Белгисиз
+3
орусча ырдап орусча жазып жашайбызда эми.Улгу алчуу башчылардан улгу алып.
19.07.2016. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
218
Катталган:
09-04-2016
Соӊку аракети:
16-11-2018 13:28
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошентип орустун тилине кул болуп жашагыча өлүп кеткен жакшы. Ушундай орусча жазылган жарнактарды көрсөм өрттөп таштагым келет илинген жеринде.
19.07.2016. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-03-2015
Соӊку аракети:
29-09-2017 00:29
Жынысы:
Белгисиз
+5
Шеф орусча ырдап орусча жаздырса орусча болот да

Негизи кочмондор оюну эмес баардык жарнамаларды кыргызча кылыш керек)))
19.07.2016. 17:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
857
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
31-05-2018 17:40
Жынысы:
Белгисиз
+6
кээ бирлери интернетте орусча я не боюсь умирать деп ыр ырдап хит болуп жатса аны болсо кээбир ырчыларыбыз бироолорго жагыныш у-н дуурап ырдап жатышса альбеете озубуздун эне тилибиз экинчи оорунга барып калатда
19.07.2016. 22:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
250
Катталган:
09-06-2016
Соӊку аракети:
22-01-2017 04:22
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва.
+1
Биринчилерден болуп бирин кал.Дегендерго бул жарнамаларды чыгарганда.Биз качан патриот уул,кыз болобу мекенге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: