Өзбек бийлиги Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушуна каршы экенин билдирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев Тажикстандын өкмөт башчысына расмий кайрылып, Рогун ГЭСин курбай туруп Тажикстандагы электр энергиясы болгон көйгөйдү чечүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан.
Ал эми Ташкенттин катына тажик бийлиги жооп бере элек. Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, Өзбекстан жолдогон кат келсе, өлкө жетекчиси карап чыккандан кийин гана бул жөнүндө көз караштарын айтышат. Өзбек премьери Мирзияев Дүйнөлүк банктын алдындагы эл аралык экспертиза иликтөөлөрүнө таянып, Рогун ГЭСи курулса, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч жаратарын айткан.
Ал эми Тажикстан бийлиги буга чейин Рогун ГЭСин куруу менен дарыядан ылдый жайгашкан өлкөлөрдү, анын ичинен Өзбекстандын айыл чарба жерлерин суусуз калтыруу максатын көздөбөй тургандыгын айтып чыккан.
Рогун ГЭСинин курулушун баштоого Тажикстан өкмөтү 1-июлда италиялык компания менен келишимге кол койгон. Маалым болгондой, макулдашуунун жалпы суммасы 3,9 миллиард долларды түзөт. Документке кол коюлгандан бир жума өткөндө жумуш башталып, ГЭСтин алгачкы эки агрегаты 2018-жылы ишке берилери жарыяланган.