"Республикачы" депутаттар шайлоо алдында айрым саясий күчтөр элдин оюн бузуп жатат дейт

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Республика" фракциясынын депутаттары Абдыжапар Бекматов менен Курманбек Дыйканбаев маалымат-жыйын өткөрдү. Алар жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында айрым саясий күчтөр элдин көңүлүн башка окуяларга буруу аракетин көрүп жатканын айтышты. Интернетке чыккан чуулуу видеотасма, Өмүрбек Бабанов менен Алтынбек Сулаймановдун дарегине айтылып жаткан айыптоолордун мыйзамдуу иликтениши үчүн күч органдарына тапшырма берилгенин белгилешти. Ошондой эле саясатчылардын ар кандай оюндары карапайым калктын жашоосуна таасирин тийгизбеши керек, шайлоодо жарандардын тандоо укугу тепселенбеши зарыл деген ойлорун айтышты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан