Актёр Камчы Сарыбаев кыздуу болду (фото)

Кыргыз шоу дүйнөсүндөгү шайыр актёрлордун бири Камчы Сарыбаев кечээ, 9-августта кыздуу болду. Кубанычтуу кабарын SUPER.KG порталы менен бөлүшкөн актёр учурда маңдайы жарыла кубанып турган кези.

"9-август күнү кечки саат 10до кыздуу болдум. Мурун 2 уулдуу болгондо да мынчалык кубанган эмесмин. Алгач төрөтканага барсам киргизбей коюшту. Учурда бир тасмада дарыгердин образын жаратып жаткам, ошондуктан жанымда ак халат да бар эле. Аны кийип, эч кимге байкатпай кирип кеттим. Бөлмөгө кирсем, наристемди өзүнчө алып кетишиптир, кайра алып келишип көкүрөгүмө жаткырышты. Илимдүү, билимдүү, акыл-эстүү кыздардан болсун деп алгач эле кызыма ыр окуп бердим. Азырынча ысым тандай элекпиз. Социалдык тармактардан ысым тандоо тууралуу жарыя берсекпи деп турабыз", - деп билдирди Камчы Сарыбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Musabaeva.
2016-08-10 13:25:59
Ии мынча ширин, баласыда сулуу экен, коз тийбесин омурлуу болсун!
+7
altyn2015
2016-08-10 13:33:25
Бешик боонуз бек болсун!
+5
Siren90
2016-08-10 13:33:42
Бешик боосу бек болсун, акылдуу, келечеги кең кыздардан болсун. Сунушум Аруузат деген атты да карап көрүңүздөр.
+4
Sagizgan
2016-08-10 13:34:06
Кызыныз омурлууу болсун Камчы байке.Озунузго окшош ар дайым маанайды которгон акыл эстууу кыз болуп чонойсун
+6
Ernis.98
2016-08-10 13:42:54
Суротун жуктобой эле койсо болмок экен
+3
begai93
2016-08-10 13:51:19
Омеей тооба неге мынча минустар коюлуп кеткен жакшы каалоо тилектерге?! Менин оюча Камчы Сарыбаевти баары эле баалачууго дейм! Наристенин омуру узуун, келечеги кен болсун...
+8
mikoo
2016-08-10 13:57:58
Интернетте ат тандашса Назель деп жазмакмын..
+4
Palan4a
2016-08-10 13:59:10
Тообооо минустар кантет )))))
0
Alicia
2016-08-10 14:02:06
Beshik boongor bek bolsudegen atty Anel sunushtaim
+3
birtanem
2016-08-10 14:31:18
бешик боонор бек болсун! ыймандуу акылдуу Алла суйгон кыздардан болсун деп Салиха койгула!бул менин жеке сунушум.
+3
aikol87
2016-08-10 14:34:29
Акылдуу кыздардан болуп чонойсун
+1
kofesmolokom
2016-08-10 14:42:36
Бешик бооңор бек болсун! Өмүрлүү, бактылуу, ата энесине мээримдүү болуп чоңойсун!
+1
alidan0104
2016-08-10 14:58:21
Бешик боо бек болсун.
+2
mi2000
2016-08-10 19:34:32
Омуру узун, акыл-эстуу, ыймандуу кыздардан болсун.
+1
simone
2016-08-10 19:45:21
Аиша, Хадижа, Муслима деп койсонуз болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан