super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

 

Ошентип, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы да жыйынтыкталды. 6 спорт түрүнөн 19 спортчу ийгиликтен үмүт кылып, ондогон сааттарды артта калтырып Бразилияга барган. Албетте, спортчулардын ийгилигине бир саамга кубанган учурлар болду. Бирок көбүрөөк бушайман болуп, ич ачышкан учурлар эсте калды окшойт.

Иззат Артыков коло медаль утканда терибизге батпай кубанып, спортчуну мекендештери көкөлөтө мактап жатышты. Бирок медалдын маңдайга жазылбаганы бир топ күндөн кийин белгилүү болду. Окуянын мындай өнүгүшү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, көбү "мында саясат бар" деген пикирди карманып турушат.

Калган спортчулардын ичинен балбандарга жана дзюдочуларга тоодой ишеним артылган. "Тажрыйба жана күчкө бай спортчулар байге алышат" деген ишеним чоң болчу, бирок алар да байгеге бир кадам жетпей токтошту. Балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова, дзюдочу Юрий Краковецкий кыргыз спортчуларынын ичинен эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту.

Жеңил атлеттерибиздин, суучулдарыбыздын чемпиондукка талапкер атаандаштарына тең ата оюн көрсөтө албасы башта эле белгилүү болчу. Боксчубуз Эркин Адылбек уулу эл аралык тажрыйба жетишпегендиктен алгачкы беттешинде жеңилди.

Олимпиадага аттанган спортчулар: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (жеңил атлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү); Иззат Артыков, Жаңыл Океева (оор атлетика); Юрий Краковецкий, Отар Бестаев (дзюдо).

6-август

Дзюдо. 60 килограмм салмакта татамиге чыккан дзюдочу Отар Бестаев (сүрөттө көк түстөгү кимоно менен) 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмедди уткан. Бирок чейрек финалдык жолдомо үчүн беттеште спортчубуз азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды. Жыйынтыгында 35 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бокс. Мекендешибиз Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмак категориясында рингге чыгып, жарым чейрек финалда колумбиялык Хуан Карлос Каррильо Паласиого утулуп калды. Калыстар жеңишти бир ооздон каршылаш тараптын пайдасына чечишти (30:27, 29:28, 30:27). Мушкер бул салмак категориясында 17-орунду ээледи.

Оор атлетика. Олимпиадага аз калганда жолдомо алган спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча мелдеште 10-орунду ээледи. 48 килограмм салмакта күч сынаган спортчунун көрсөткүчү: жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүп көтөрүүдө 97 килограмм.

7-август

Сууда сүзүү

Олимпиадага атайын чакыруу менен барган Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышка түштү. Спортчу бул аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада сүзүп өттү, бирок башкалар андан мыкты болуп, жердешибиз 33-орунду ээледи.

9-август

Сууда сүзүү. Бул күнү 16 жаштагы спортчу Денис Петрашов бассейнге чыгып, брасс стилинде 200 метр аралыкта жарышка түштү. 200 метр аралыкты спортчу 2 мүнөт 16,57 секундада багындырып, мелдешке катышкан 39 спортчунун ичинен 38-орунду ээледи.

10-август

Оор атлетика. Бул күнү Олимпиадага көз салган Кыргыз Республикасынын жарандарынын күнү тууду. Иззат Артыков мелдештеги биринчи медалды алып (коло медаль), жердештерин катуу кубантты. Спортчу 69 килограмм салмакта мелдешке катышкан. Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.

12-август

Дзюдо. 4 беттеш өткөргөн Юрий Краковецкий байгеге илинбей, мелдештен четтеди. Ал 100 килограмм салмакта 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулду. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп, 7-орунду ээлеп калды.

Жеңил атлетика. 10 миң метр аралыкка чуркоого 37 спортчу катышкан. Кыргыз мамлекетинин желеги астында чыккан Дарья Маслова бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи.

14-август

Марафон. Кыз-келиндер 42 чакырым 195 метр аралыкка марафонго чуркашты. Жарышка түшкөн 156 спортчунун катарында мекендештерибиз Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина да болушту. Спортчулар алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Грек-рим күрөшү. 59 килограмм салмактарда килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орун менен чектелди.

15-август

Грек-рим күрөшү. Бул күнү 2 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. 85 килограмм салмакта күрөшкөн Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта килемге чыккан Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок. Кенжеев Германиянын өкүлү Денис Кудлага утулду (2:0). Атаандашы финалга жетпей утулгандыктан, ал коло үчүн күрөшүү укугунан ажырады жана 21 балбандын ичинен 15-орунду ээледи.

Ал эми Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго утулду (8:4). Атаандаштарынын финалга жетпей утулуп калганынан улам ал дагы коло медаль үчүн күрөшкөн жок. Ошентип, балбан 19 балбандын ичинен 11-орунду камсыздады.

16-август

Грек-рим күрөшү. 66 килограмм салмакта Руслан Царев килемге чыкты. Анын атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болуп, 6:0 эсебинде утулуп калды. Ошентип, Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажырап калган. Атаандашы финалга чыгып, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашууну улантат деген тилек орундалган жок. Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Царев 17 балбандын ичинен 17-орунду ээлеп калды.

17-август

Эркин күрөш. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8), чейрек финалда Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Оллини утту (14:7). Жарым финалда болсо орусиялык Валерия Кобловага жеңилип калды (4:1). Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

20-август

Эркин күрөш. Балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшүп, мелдештин 1/8 финалдык баскычында Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баранга утулуп калды (5:1). Атаандашынын чейрек финалда утулуп калганы аны коло медаль үчүн кармашты улантуу укугунан ажыратты. Жыйынтыгында бул балбаныбыз да үйүнө куру кайтмай болду (20 балбандын ичинен 15-орунду ээледи).

21-август

Эркин күрөш. 97 килограмм салмакта килемге чыккан Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге жеңилди. Атаандашы финалга чыкпай калгандыктан, спортчубуз коло медаль кармашуу укугунан айрылып, мелдештин эшигин жабууга мажбур болду (19 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи).

Марафон. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта кыргыз спортчусу Илья Тяпкин 86-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 155 жөө күлүк катышкан. Спортчубуз бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды.


кошулду


 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(205)
17.08.2016. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
16-08-2016
Соӊку аракети:
12-07-2017 22:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр чыгат Айсулуу
17.08.2016. 19:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 17:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Айсулуу не болду
17.08.2016. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 17:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Чыктыбы
17.08.2016. 19:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-03-2016
Соӊку аракети:
06-04-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
0
не болтаааттжазып койгулачыы
17.08.2016. 19:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
06-03-2016
Соӊку аракети:
06-04-2018 22:47
Жынысы:
Белгисиз
0
8 30 да чыгаткеен
17.08.2016. 19:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
19
Катталган:
10-10-2015
Соӊку аракети:
08-04-2018 20:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуунун мелдешин онлайн кайдан корсо болот интернеттен
17.08.2016. 20:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
коз жаштарга ишенбеген шаар
-2
Судьялар жакшы иштесин эми тартпай башкаларга.
17.08.2016. 20:33 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
21-07-2016
Соӊку аракети:
14-01-2017 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-2
ух жаным иииий калтырап чыктым. женсин эмииииии
17.08.2016. 20:40 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
21-07-2016
Соӊку аракети:
14-01-2017 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+7
Нам повезлоооо. молодец Айсулууу! Судья п.др экен блиииин
17.08.2016. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
коз жаштарга ишенбеген шаар
-1
lexus47,жендиби ?эмне болду?
17.08.2016. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
185
Катталган:
17-06-2012
Соӊку аракети:
11-02-2018 20:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Бразильяны утту Айсулуу...
17.08.2016. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
02-08-2016
Соӊку аракети:
15-07-2018 18:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урааа утту Куттуктайм Кыргызстан
17.08.2016. 20:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
06-04-2011
Соӊку аракети:
22-09-2018 17:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
+2
Урааа!
17.08.2016. 20:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
136
Катталган:
19-02-2013
Соӊку аракети:
23-09-2018 09:35
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мекеним Кыргызстан
+2
Уураааа Айсулуу утту
17.08.2016. 20:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
15-04-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 19:06
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу, азаматсын!
17.08.2016. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
118
Катталган:
01-07-2015
Соӊку аракети:
23-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
коз жаштарга ишенбеген шаар
0
Эми кимге чыгат экен болдубу же
17.08.2016. 20:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
388
Катталган:
25-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:59
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу 11:8 Ураааа!!!!!
17.08.2016. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
305
Катталган:
16-08-2016
Соӊку аракети:
12-07-2017 22:45
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урррааа Айсулуу утту!!!
17.08.2016. 20:46 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
08-08-2016
Соӊку аракети:
01-09-2016 19:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Утту деген сөздү уга турган күн да келди молодец Айсулуу
18.08.2016. 07:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
315
Катталган:
24-06-2014
Соӊку аракети:
28-07-2018 16:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия-сити
+2
Айсулуну суйуп калдым номерин кайдан тапсам болот?
18.08.2016. 11:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
04-12-2015
Соӊку аракети:
03-01-2017 20:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslan_d,Менде бар бирок бербейм сага
18.08.2016. 15:03 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
149
Катталган:
12-08-2016
Соӊку аракети:
03-10-2016 14:20
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ruslan_d,Айсулуу 1миллион утту деп суйуп баштадынбы?Жигиттер кобунчо пайданарга гана суйосунорго кыздарды бай кыздарды энсеп ))
20.08.2016. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
06-04-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Guli000,уахахахах
18.08.2016. 07:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
225
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 18:12
Жынысы:
Белгисиз
+5
айсулуу женилип калыптыыр((((. Бирок бул да болсо биз кыргыз эли учун чоон жениш! 1 миллион сом Айсулууга. Айсулуунун утпай калышына балким мамлекет куноолуу... Бийлик куноолуу спортчуларыбызга жетиштуу конул бурулбай, шарт тузулбогону учун. Спортчуларыбыз жанын аябай аракет кылышты. Бирок мамлекеттен колдоо болбой жатты...(((
18.08.2016. 08:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
286
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
23-09-2018 17:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
-1
коло албай калганы жаман болду да.....
18.08.2016. 09:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
15-01-2015
Соӊку аракети:
09-09-2018 15:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ал жерден корунбойт
0
Эх, утуп бар жатып уттуруп койду кандай гана окунучтуу.
18.08.2016. 10:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
16-05-2016
Соӊку аракети:
25-02-2017 01:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каап Айсулууну утса экен деп тилеп аткан элем. Макул эле дагы деле үмүт баар. Бирок бизде жакшы машыктыруучулар жок даа. Анча методдорду билишпейт кыргызча кылып бурмалап иебиз
18.08.2016. 12:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
417
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
21-08-2017 17:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айсулуу коло медал учун курошто 1-айлампадагыдай курошкондо жон эле утуп алмак.2-айлампадагы курошу жаккан жок.Бат чарчап атты.
18.08.2016. 20:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
735
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
22-09-2018 11:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч нерсе эмес.Айсулуу жаш,ийгиликтер алдыда!Биз сени мененбиз Айсулуу!
19.08.2016. 09:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
11-05-2015
Соӊку аракети:
22-09-2018 14:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
жалгыз надежда Мусаевде
20.08.2016. 11:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
517
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Эми унчукпай эле күтө турганыбыз оң. Эгер жеңип калса баарыбыз кыйкырабыз
20.08.2016. 14:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
12-08-2016
Соӊку аракети:
23-09-2018 17:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы,Ак-Суу,Төө-Басты(Барселона) Камп Ноу)
+2
Ийгилик анда башка недейбиз башка эч нерсе айткым да келбей калды
20.08.2016. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
31-05-2012
Соӊку аракети:
13-02-2018 22:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
KG ♥
+1
эми эмне дейбиз?..... Ийгилик!
20.08.2016. 17:08 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
91
Катталган:
13-08-2016
Соӊку аракети:
30-10-2016 12:01
Жынысы:
Белгисиз
+2
Лазарев мырзага ийгилик! Балбандарыбызды колдоп ,коштоодон тажабайлы !
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: