super.kg logo
  Спорт  

Рио-2016: Колдон жулунган коло медаль, байге үчүн багын сынаган 19 спортчу (спортчулардын көрсөткүчтөрү+фото)

 

Ошентип, "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасы да жыйынтыкталды. 6 спорт түрүнөн 19 спортчу ийгиликтен үмүт кылып, ондогон сааттарды артта калтырып Бразилияга барган. Албетте, спортчулардын ийгилигине бир саамга кубанган учурлар болду. Бирок көбүрөөк бушайман болуп, ич ачышкан учурлар эсте калды окшойт.

Иззат Артыков коло медаль утканда терибизге батпай кубанып, спортчуну мекендештери көкөлөтө мактап жатышты. Бирок медалдын маңдайга жазылбаганы бир топ күндөн кийин белгилүү болду. Окуянын мындай өнүгүшү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болуп, көбү "мында саясат бар" деген пикирди карманып турушат.

Калган спортчулардын ичинен балбандарга жана дзюдочуларга тоодой ишеним артылган. "Тажрыйба жана күчкө бай спортчулар байге алышат" деген ишеним чоң болчу, бирок алар да байгеге бир кадам жетпей токтошту. Балбандар Арсен Эралиев менен Айсулуу Тыныбекова, дзюдочу Юрий Краковецкий кыргыз спортчуларынын ичинен эң жакшы көрсөткүчкө ээ болушту.

Жеңил атлеттерибиздин, суучулдарыбыздын чемпиондукка талапкер атаандаштарына тең ата оюн көрсөтө албасы башта эле белгилүү болчу. Боксчубуз Эркин Адылбек уулу эл аралык тажрыйба жетишпегендиктен алгачкы беттешинде жеңилди.

Олимпиадага аттанган спортчулар: Юлия Андреева, Мария Карабицкая, Виктория Полюдина, Дарья Маслова, Илья Тяпкин (жеңил атлетика); Арсен Эралиев, Руслан Царев, Мурат Рамонов, Жанарбек Кенжеев (грек-рим күрөшү); Айсулуу Тыныбекова, Магомед Мусаев, Айаал Лазарев (эркин күрөш); Эркин Адылбек уулу (бокс); Дарья Таланова, Денис Петрашов (сууда сүзүү); Иззат Артыков, Жаңыл Океева (оор атлетика); Юрий Краковецкий, Отар Бестаев (дзюдо).

6-август

Дзюдо. 60 килограмм салмакта татамиге чыккан дзюдочу Отар Бестаев (сүрөттө көк түстөгү кимоно менен) 1/16 финалда египеттик Абелрахман Ахмедди уткан. Бирок чейрек финалдык жолдомо үчүн беттеште спортчубуз азербайжандык Орхан Сафаровго утулуп калды. Жыйынтыгында 35 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи.

Бокс. Мекендешибиз Эркин Адылбек уулу 81 килограмм салмак категориясында рингге чыгып, жарым чейрек финалда колумбиялык Хуан Карлос Каррильо Паласиого утулуп калды. Калыстар жеңишти бир ооздон каршылаш тараптын пайдасына чечишти (30:27, 29:28, 30:27). Мушкер бул салмак категориясында 17-орунду ээледи.

Оор атлетика. Олимпиадага аз калганда жолдомо алган спортчу Жаңыл Океева оор атлетика боюнча мелдеште 10-орунду ээледи. 48 килограмм салмакта күч сынаган спортчунун көрсөткүчү: жулкуп көтөрүүдө 72 килограмм, түртүп көтөрүүдө 97 килограмм.

7-август

Сууда сүзүү

Олимпиадага атайын чакыруу менен барган Дарья Таланова 100 метр аралыкка брасс стилинде жарышка түштү. Спортчу бул аралыкты 1 мүнөт 10,94 секундада сүзүп өттү, бирок башкалар андан мыкты болуп, жердешибиз 33-орунду ээледи.

9-август

Сууда сүзүү. Бул күнү 16 жаштагы спортчу Денис Петрашов бассейнге чыгып, брасс стилинде 200 метр аралыкта жарышка түштү. 200 метр аралыкты спортчу 2 мүнөт 16,57 секундада багындырып, мелдешке катышкан 39 спортчунун ичинен 38-орунду ээледи.

10-август

Оор атлетика. Бул күнү Олимпиадага көз салган Кыргыз Республикасынын жарандарынын күнү тууду. Иззат Артыков мелдештеги биринчи медалды алып (коло медаль), жердештерин катуу кубантты. Спортчу 69 килограмм салмакта мелдешке катышкан. Спортчу жулкуп көтөрүүдө 151 килограммды, түртүп көтөрүүдө 188 килограммды көтөрдү.

Эл аралык спорт арбитраждык сотунун 18-августтагы чечимине ылайык, спортчунун канынан адамдын нерв системин дүүлүктүрө турган стрихнин заты табылган. Буга байланыштуу анын жыйынтыгы жокко чыгарылып, коло медалын башка спортчуга берүү каралууда.

12-август

Дзюдо. 4 беттеш өткөргөн Юрий Краковецкий байгеге илинбей, мелдештен четтеди. Ал 100 килограмм салмакта 1/16 финалда германиялык Андре Бейтбартты, жарым чейрек финалда украиналык Хаммо Яковду утуп алган. Бирок жарым финалдык жолдомо үчүн беттеште өзбекстандык Абдулло Тангриевге утулду. Коло медаль үчүн кармаштын алгачкы раундунда кубалык Алекс Гарсия Мендозаго утулуп, 7-орунду ээлеп калды.

Жеңил атлетика. 10 миң метр аралыкка чуркоого 37 спортчу катышкан. Кыргыз мамлекетинин желеги астында чыккан Дарья Маслова бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи.

14-август

Марафон. Кыз-келиндер 42 чакырым 195 метр аралыкка марафонго чуркашты. Жарышка түшкөн 156 спортчунун катарында мекендештерибиз Юлия Андреева, Мария Карабицкая жана Виктория Полюдина да болушту. Спортчулар алдынкы 50 спортчунун катарына кире алышкан жок.

Юлия Андреева 59-орунду ээледи (марага 2 саат 40 мүнөт 34 секундада жетти).

Виктория Полюдина 62-орунду ээледи (убактысы: 2 саат 41 мүнөт 37 секунда).

Мария Карабицкая 156 спортчунун ичинен 94-орунду ээледи (2 саат 47 мүнөт 53 секунда).

Грек-рим күрөшү. 59 килограмм салмактарда килемге чыккан Арсен Эралиев 3 беттеш өткөрүп, экөөндө утулуп калды. Ал алгач учурдагы Дүйнө чемпиону кубалык Исмаэль Борреро Молинага утулган. Атаандашынын финалга чыкканы Арсенге коло медаль үчүн күрөшүү укугун берген. Коло медалга карай кармашта спортчубуз кытайлык Ванг Люминди утту (4:2 эсеби катталды). Коло медаль үчүн беттеште ал өзбек спортчусу Эльмурат Тасмурадовго утулуп калды (13: 8 эсебинде). Натыйжада 5-орун менен чектелди.

15-август

Грек-рим күрөшү. Бул күнү 2 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталды. 85 килограмм салмакта күрөшкөн Жанарбек Кенжеев менен 130 килограмм салмакта килемге чыккан Мурат Рамоновду ийгилик коштогон жок. Кенжеев Германиянын өкүлү Денис Кудлага утулду (2:0). Атаандашы финалга жетпей утулгандыктан, ал коло үчүн күрөшүү укугунан ажырады жана 21 балбандын ичинен 15-орунду ээледи.

Ал эми Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго утулду (8:4). Атаандаштарынын финалга жетпей утулуп калганынан улам ал дагы коло медаль үчүн күрөшкөн жок. Ошентип, балбан 19 балбандын ичинен 11-орунду камсыздады.

16-август

Грек-рим күрөшү. 66 килограмм салмакта Руслан Царев килемге чыкты. Анын атаандашы алжирлик Тарек Азиз Бенайсса болуп, 6:0 эсебинде утулуп калды. Ошентип, Руслан алтын же күмүш медаль тагынуу укугунан ажырап калган. Атаандашы финалга чыгып, балбаныбыз коло медаль үчүн кармашууну улантат деген тилек орундалган жок. Тарек Азиз Бенайсса чейрек финалда азербайжандык Расул Чунаевге утулуп калды. Царев 17 балбандын ичинен 17-орунду ээлеп калды.

17-август

Эркин күрөш. Балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова 58 килограмм салмакта килемге чыкты. Ал мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8), чейрек финалда Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Оллини утту (14:7). Жарым финалда болсо орусиялык Валерия Кобловага жеңилип калды (4:1). Коло медаль үчүн кармашта Айсулуу Индиянын спортчусу Малик Сакшиге утулуп (5:8), 5-орунду ээлеп калды.

20-август

Эркин күрөш. Балбан Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта күрөшүп, мелдештин 1/8 финалдык баскычында Европанын вице-чемпиону, польшалык Роберт Баранга утулуп калды (5:1). Атаандашынын чейрек финалда утулуп калганы аны коло медаль үчүн кармашты улантуу укугунан ажыратты. Жыйынтыгында бул балбаныбыз да үйүнө куру кайтмай болду (20 балбандын ичинен 15-орунду ээледи).

21-август

Эркин күрөш. 97 килограмм салмакта килемге чыккан Магомед Мусаев жарым чейрек финалда монголиялык Доржханд Худербугланы 9:0 эсебинде утту. Чейрек финалда ал украиналык Валерий Андрийцевге жеңилди. Атаандашы финалга чыкпай калгандыктан, спортчубуз коло медаль кармашуу укугунан айрылып, мелдештин эшигин жабууга мажбур болду (19 спортчунун ичинен 9-орунду ээледи).

Марафон. 42 чакырым 195 метр аралыкка болгон жарышта кыргыз спортчусу Илья Тяпкин 86-орунду ээледи. Жарышка жалпысынан 155 жөө күлүк катышкан. Спортчубуз бул аралыкты 2 саат 23 мүнөт 19 секундада багындырды.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(205)
10.08.2016. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
99
Катталган:
11-02-2016
Соӊку аракети:
04-02-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
ФРУНЗЕ
+9
Рахмат Максат Кудайбердиев. Ото жакшы, пайдалуу маалыматт болду, интернеттен тапбай жаттым эле.
10.08.2016. 16:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
04-08-2015
Соӊку аракети:
03-02-2018 00:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек (Пишпек)
+38
аа жакшы 13алтын биздин капчыкта экен анда буюрса (алга Кыргыз)
10.08.2016. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
488
Катталган:
14-07-2015
Соӊку аракети:
09-11-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
+14
Kyke08,оозунузга май!
10.08.2016. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
06-10-2018 15:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
+5
Ушуну сурайын деп жаттым эле.
10.08.2016. 16:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
06-10-2018 15:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
+1
Рахмат .
10.08.2016. 16:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
660
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
10-04-2017 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+8
Баарына ийгилик жылмайсын.
10.08.2016. 16:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
02-12-2013
Соӊку аракети:
02-05-2017 10:57
Жынысы:
Белгисиз
-42
Улутчул эмесмин албете.бирок кыргыздар жоко айланайын.балким кыргыз болгондо намыстанып женер беле?
10.08.2016. 19:50 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
122
Катталган:
21-07-2016
Соӊку аракети:
14-01-2017 09:38
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+19
Beko87,Кыргыздарыбыз кээбирлери патриотпуз деп, алсыздарга кучун чыгарып журот кочо чанытып! Буларды деле Кыргыз деп коёбергиле, Кыргыз учун жанын берип жатышат айланайындар!
11.08.2016. 03:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
498
Катталган:
10-08-2012
Соӊку аракети:
06-10-2018 20:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+13
Beko87,кыпкыргыз болуп сен барбай белең,сайтта сайрабай.
10.08.2016. 17:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
02-05-2013
Соӊку аракети:
27-02-2018 22:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат информация бергенинерге таппай жаттым эле Супер инфого чон рахмат!!
10.08.2016. 17:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
29-11-2015
Соӊку аракети:
14-11-2018 09:16
Жынысы:
Белгисиз
+5
ошону учун супер инфону ушакчы дебегиле да. бирде болбосо бирде пайдасы тиет бекен. )))
10.08.2016. 19:41 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+3
Балбандарыбыздан умутубуз чон.Алтын алып келет деп ишенем.
10.08.2016. 20:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
24-02-2015
Соӊку аракети:
07-07-2017 12:42
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик каалайм
10.08.2016. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
12-07-2016
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:25
Жынысы:
Белгисиз
-35
Калган спортчуларга Медал алышына эч козум жетпейт
10.08.2016. 21:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
217
Катталган:
01-11-2015
Соӊку аракети:
18-06-2018 05:57
Жынысы:
Белгисиз
+14
Samash-87,Айсулуу.арсен.царев медал алат карап тур!
12.08.2016. 12:19 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
06-11-2016 11:28
Жынысы:
Белгисиз
+15
USSRKG, Инша Аллах
10.08.2016. 21:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
05-12-2015
Соӊку аракети:
20-06-2017 03:09
Жынысы:
Белгисиз
+7
Samash-87, козун жетпейби э. Озун барбацт белен.
12.08.2016. 16:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
18
Катталган:
13-02-2015
Соӊку аракети:
05-01-2017 12:53
Жынысы:
Белгисиз
+6
Samash-87,капа болбого,оозуна кара таш.
10.08.2016. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
500
Катталган:
23-12-2015
Соӊку аракети:
06-01-2018 15:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Г.Ош
-7
бул жакта отуруп туруп кортабыз.. каналдардан ошол жакта болсом канаде....Ээ негизи сууда сузуунун пайдасы абдан зорда.фигураны сактайт .денис абдан чоондой корунот.и жене тузулушу да жайында.супер силерге рахмат ким качан ойноорун айтканынар учун...сууда сузуунун пайдасын жазып чыкпайсынарбы суппер
11.08.2016. 10:48 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
19-11-2013
Соӊку аракети:
14-11-2018 12:07
Жынысы:
Белгисиз
11.08.2016. 02:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
30-03-2015
Соӊку аракети:
13-01-2018 21:49
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арсен балбандан медаль кутом.
11.08.2016. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
171
Катталган:
31-05-2015
Соӊку аракети:
01-09-2017 11:40
Жынысы:
Белгисиз
+16
Айсулуудан үмүт бар.Айсулуу сен утасын!
13.08.2016. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
08-07-2016
Соӊку аракети:
17-11-2017 14:11
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rasul_Rahmanaliev,озунузго май алдынызга тай буйруса сизге
12.08.2016. 11:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
517
Катталган:
01-02-2015
Соӊку аракети:
03-09-2018 20:41
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-2
+100 кг дзюдодон деле алышыбыз күмөн го. Өзү бизге күчтүү боксчу, күчтүү дзюдочу туш келип калып жатат да..Германиянын дзюдочусу Брейтбарт Андре Европа чемпиондугунда. Коло медалды бир нече жолу алган.Бир үмүт күрөштөн эле калды
Abdyrashit.Satylganov түзөттү 2016-08-12 12:11:26
12.08.2016. 11:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
06-10-2018 15:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
-3
Урматтуу супер инфо түз эфирден көрө алабызбы?
12.08.2016. 11:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
521
Катталган:
28-07-2016
Соӊку аракети:
06-10-2018 15:09
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары.
-1
КТРК спорт каналы жакшы болбой жатат футбол ошондой көп убакытты талап кылган оюндарды көрсөтүп .
12.08.2016. 12:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
34
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
19-04-2017 18:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан алга!!! Медаль менен кайткыла
12.08.2016. 12:17 
Тайпасы:
Кыймылы жок
Комментарийлердин саны:
73
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
06-11-2016 11:28
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эмнеге алышпайт медаль, Кудай буюрса биздин риодо калган оюнчуларыбыз, медаль менен кайтышат, Инша Аллах медаль алышат.
12.08.2016. 15:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
578
Катталган:
05-07-2015
Соӊку аракети:
13-11-2018 09:54
Жынысы:
Белгисиз
+5
Баарына ийгилик! Алла Кыргызстандан барган сыймыктарыбызды колдосун,куч кубат берсин! Кудай кааласа саат 7де бакырып,колдоп бир спортчубузду корот экенбиз да.
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: