Мындан эки күн мурун Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицейдин 69 курсанты качып кеткени тууралуу 10-августта SUPER.KG'ге жеке булактардан маалымат түшкөн. Аталган лицей менен байланышканыбызда бул маалыматты тактоодон баш тартышты. Айрым маалыматтарга караганда, курсанттар бүгүн түштөн кийин кайрадан лицейге кайтып келишти. Маалыматты тактоо аракети көрүлүүдө.