Кыргыз мамлекетинин желеги астында "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасына аттанган Дарья Маслова оюндарда 19-орунду ээледи. Жеңил атлет 10 миң метр аралыкка чуркоодо өз күчүн сынады.
Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда жалпысынан 37 спортчу жарышкан. Жыйынтыгында спортчубуз бул аралыкты 31 мүнөт 36,9 секундада багындырып, 19-орунду ээледи. Бул жарышта эфиопиялык Аяна Алмаз алтын медаль тагынып, жаңы дүйнө рекордун койду (29 мүнөт 17,45 секунда).