Кыргыз мушкери Тилек Батыров бүгүн, 13-августта Макаодо (Кытай) "ONE Fighting Championship" мелдешинин алкагында дебюттук беттешин өткөрдү. "Жаш күч" клубунун өкүлү 61 килограмм салмакта чемпиондук кур үчүн беттешти. 24 жаштагы спортчунун атаандашы бразилиялык Адриано Мораес болду.
Кыргыз спортчусу анда тикеден-тик туруп мушташуу ыкмасын тандап, атаандашын качырып жатты. Ал эми бразилиялык спортчу партерде мушташууга ыктап, кармашуу аракетин көрдү. Алгачкы раундда кайсы бир спортчу экинчисинен айырмаланып, артыкчылык кылды деп айтуу мүмкүн эмес. Экинчи таймда бразилиялык спортчу мекендешибизди муунтуу ыкмасына салып утуп алды.
Тилек Батыров "ONE Fighting Championship" уюмунун версиясы боюнча Дүйнө чемпиону катары кур тагына алган жок.