Бүгүн, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүүдө. 58 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова мелдештин жарым финалына чыкты.
Азия чемпиону, мекендештеринин сыймыгы болгон Айсулуу мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда болсо анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болду. Балбан кызыбыз 14:7 эсебинде утуп, татыктуу түрдө жарым финалга чыкты. Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болмокчу.