Рио-2016: Айсулуу Тыныбекова жарым финалда утулуп калды, эми коло медаль үчүн кармашат

Бүгүн, 17-августта "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында кыз-келиндер арасында кармаштар өтүүдө. 58 килограмм салмакта балбаныбыз Айсулуу Тыныбекова мелдештин жарым финалында утулуп калды.
Айсулуу мелдештин 1/8 финалында бразилиялык Жойс Сильваны (11:8) уткан. Чейрек финалда анын атаандашы Финляндиянын өкүлү, Европанын учурдагы чемпиону Петра Маарит Олли болду. Балбан кызыбыз 14:7 эсебинде утуп, татыктуу түрдө жарым финалга чыккан.
Жарым финалда анын атаандашы Орусиянын өкүлү Валерия Коблова болуп, беттеш 4:1 эсебинде атаандаштын пайдасына аяктады. Эми спортчубуз коло медаль үчүн беттеш өткөрмөкчү. Коло медаль үчүн болгон беттеш жана финалдык беттештер Бишкек сааты боюнча 02:00дө старт алат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:25
2022-06-27
9:20
2022-06-26
10:05
2022-06-25
12:35
2022-06-24
18:16
2022-06-23
Рейтинг:
0

Россия- Серебро
Индия- бронза