Бишкекте 6 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кыз 1 айга тергөө абагына камалды

Бишкекте 6 жаштагы баланын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу кыз 1 айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 18-август күнү Токтогул көчөсү менен Манас кең көчөсүнүн кесилишинде болгон. Анда 23 жаштагы айдоочу кыз жолдон өтүп бараткан 6 жаштагы баланы жана анын апасын сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 6 жаштагы бала каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Ал эми Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 23 жаштагы кызды №1-СИЗОго бир айга камоо чечимин чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Gema
2016-08-22 11:22:50
Кырсык( абайласа болмок экен.
+4
Komrad
2016-08-22 12:02:01
1 ай мурда да 23 жаштагы кыз ушинтти беле?
0
Rifle_S
2016-08-22 12:49:25
1 өлүм = 1 ай камак
-2
bema_bema
2016-08-22 13:47:48
Rifle_S,Сот болгуча бир айга камака алат, анан сот чыгарат окумду канча жылга кесилгенин сот чечим чыгарат.
+3
Jazi89
2016-08-22 13:43:14
Супер инфо былтыр августь айында куйосун жиликтеген 26 жаштагы айымдын сооту болдубу аялы кунолубу же дагы башкалар кунолу болуп чыктыбы маалымат берип коесуздарбы?
+4
Aman-moskva
2016-08-22 15:49:19
5жыл бериш керек 1жыл да мен бир ай не кыздар башкача бекен
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан