"Сакал" деген каймана ат менен таанымал болгон У.Токтосуновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалышканын Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы 22-августта билдирди. Башкармалык тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө операциясынын натыйжасында бир нече кылмыш үчүн издөөгө алынып, анын ичинде "тартип сакчысын өлтүрдү" деген шек менен Талас шаарында 1982-жылы туулган Р.А. кармалды. Ошондой эле 1993-жылы туулган Ж.А. кармалып, жанынан документи жок травматикалык тапанча табылды. Андан сырткары 1993-жылы туулган К. уулу Б. жана 1995-жылы туулган Д.А. кармалды. Бул үчөө тең Талас облусунун тургундары болушкан. Азыркы учурда кармалгандардын башка кылмышка тийиштиги текшерилүүдө.