Өзбек чек арачылары Орто-Токой суу сактагычынан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну да талап кылышты

Бүгүн, 22-августта Аксы районунун Мамай айылындагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын жолугушуусунда өзбек тараптан эки талап коюлганын Чек ара кызматынан кабарлашты. Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын жанынан кармалган Өзбекстандын ИИМ кызматкерин бошотууну жана суу сактагычтан Кыргыз мамлекетинин милиция постун алып салууну талап кылды. Жыйынтыгында коюлган талаптарды эки өлкөнүн тийиштүү органдарына жеткирүү чечимине келишти. Учурда чек арада абал туруктуу экендиги кабарланды.

Эскерте кетсек, Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычы Советтер Союзунун учурунда курулуп, ошондон бери коңшу Өзбекстан өлкөсү пайдаланып келген. Суу сактагыч чек арадан 13 чакырым бери жайгашкан. 2016-жылдын май айында Өзбекстан пайдаланып жаткан бир катар объектилер мамлекеттин менчигине өткөн. Алардын арасында Орто-Токой суу сактагычы да бар болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
Sharos3
2016-08-23 02:06:52
СССР кезинде толук бизге карачы деген чынбы?
0
zarlyk2211
2016-08-23 03:17:32
Бийликтегилер чек арага бекем болгулачы. Биз элдер куру кыйкырганыбыз менен силер кыймылдабасаңар чечилбес маселе.
0
zhumagul89
2016-08-23 06:07:15
АША студияда ыр жаздырып жатат....мындай нерселерге башын оорутпайт.
+4
KGstan1981
2016-08-23 06:59:48
Биздин жарым жерибизди басып алышса дагын биздин атка минерлер Учурда чек арада абал туруктуу дегендери куйуктуротда.Анан бизде бир козырь бар ал козырь Шаймардан жана Сох анклавтарын тосуп эч бир адамды ал жерге киргизбоо анан озбектер Ункур-Тоодон чыгып кетишет бирок биздин алсыз бийлигибиз ал нерсеге барбайт себеби духу жок интернете ыр ырдап журсо болду биздин Ажобуз.Жети озбек милициясына кучтору жэтпесе уят эле.
+1
marmiladka9
2016-08-23 07:46:45
кайсы мамлекеттин менчигине откон? так жазгылачы?
0
jamakeev2015
2016-08-23 07:55:49
Охоо жаман кыйын го надоел уже озбектер билгенинерди кылгыла эч кандай пост алынбайт ,ким болуп кетиптир алар Атамбаев ыр жазганды койуп эч нерсе кылбай эле койсун, чек араны тактап тосуп бекемдесе эн чон эмгек кылган болмок
+1
Edward.14
2016-08-23 08:46:01
Өзбектер бизге шарт койгонго кандай акысы бар же бизди тоготпогонубу
+1
Adyl84kg
2016-08-23 08:49:58
Атамбаев мындайда кулагы дулой,козу кор болуп калат.
+2
admin_portal
2016-08-23 09:08:50
Syper.kelin4ek, Sharos3, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
Lintel
2016-08-23 09:39:45
Бул саясат туугандар жакын баш мыйзам озгорот ошого даярдык бийликтин планы. Жазында бийлик алмашат жегенде аксыда ушундай элди алдоо максатта чыгарышкан. Бул элди алаксытуу планы АШАнын.
+1
admin_portal
2016-08-23 10:28:31
Adilet_adi, жеке билдирүүлөр купуяга! Башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
Arslan12
2016-08-23 10:35:00
Эмнеге жооп кайтарбайт, туркияга жооп кайтаргандай кайтарбайсынарбы!!!
+2
Zanzibara
2016-08-23 11:26:33
Узбек тарап иштетип келген Орто токой суу сактагычын өкүмат кайтарып алды деп бир ай мактанып жатпады беле биздикилер кыйын болуп. Кана ошол кайра кайра мактанып жаткан жалаң төштөр?!?! Эмдигиче кайтарып албай эле узбек солдаттар кайтарат экен го? Ашмалтай бийликтин чанжыраган саясатынын акыбетинен коңшулар ар кандай ультиматум коюп аткартып жатыры, а биздикилер "хоп-мейли" деп кынк этпей аткарууда. Аа шордуу бийлик!!! Элдин кызыкчылыгын ойлогон эч ким жок эптеп эле күн өтүп айлык алып
+1
Zanzibara
2016-08-23 11:48:16
Жашай берсе болду."көзүм көрбөсө арт жагымы бөрү жесин"-болуп жашап келе жатканыбызга 25жыл болду. Убагында калп эле мактана беришпей таза ишти жасашып суу сактагычты толук өткөрүп алганда бул маселе жаралмак эмес.
+2
adyl.por
2016-08-23 22:20:40
ХХХ ХХХ көчмөндөр ойунуна тоскоолдук кылып жатышат атайлап
0
admin_portal
2016-08-24 10:16:47
adyl.por, адепсиз, уят, сөздөрдү колдонууга тыюу салынат! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан