SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчмөндөр оюндарынын расмий гимнинин клиби" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: MEDIA-P).
Учурда Чолпон-Ата шаарында өтчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталарына саналуу гана күндөр калды. Бул күнү ырдалчу расмий гимндин клиби көрүүчүлөргө сунушталды. Анда кыргыздын улуттук каада-салты, спорттук оюндары, Кыргыз жеринин кооз жаратылышы көрсөтүлгөн.
Белгилей кетсек, гимнди 9 ырчы аткарган. Алар: Кайрат Примбердиев, Ырыскелди Осмонкулов, Темир Назаров, Жийдеш, Гүлнара Тойгонбаева, Нурайым Азыкбаева, Адил Чекилов, Гүлзада Рыскулова, Эрлан Кенжегулов.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.