Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы полковник Абдикарим Алимбаев Өзбекстандын Чек ара аскерлеринин башчысы, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы генерал-майор Рустам Эминжанов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 23-августта кабарлады.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарап тең абалды жөнгө салууга даяр экенин билдиришти.
"Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун сотунун чечими боюнча 2016-жылы 13-августта өлкөбүздүн аймагында кармалган Өзбекстандагы Касанай райондук ички иштер бөлүмүнүн күзөт кызматкери А.Тожибаевге айып пул салынып, өзбек тарапка кечээ, 22-августта саат 21:30да Ала-Буканын Баймак аймагында өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда Өзбекстандын милиция кызматкерлери Үңкүр-Тоодо калышууда. Өзбек тарап Орто-Токой суу сактагычынын тегерегинде жайгашкан кыргыз милициясынын постторун алып салуу талабын коюуну улантууда.
Бул маселе боюнча аскер кызматкерлеринин иш-аракетин координациялоо үчүн Ала-Бука районуна Башкы штабдын башчысы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары полковник Бакыт Жылтыров жөнөп кетти.