Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы учурда Өзбекстандын Ички иштер бөлүмүндө кармалып турган 4 кыргыз жаранынын аты-жөнүн жарыялады.
Төмөнкү жарандар кармалган:
1. Абдумиталип Урманов - "Кербен" 24-радиостанциясынын Түштүк башкармалыгынын нөөмөт башчысы;
2. Урмат Бердалиев - "Кербен" 24-радиостанциясынын Түштүк башкармалыгынын оператору;
3. Жеңиш Ташматов - "Кербен" 24-радиостанциясынын Түштүк башкармалыгынын оператору;
4. Нурбек Усупбаев - "Кербен" 24-радиостанциясынын Түштүк башкармалыгынын узатуучусу.
Эске салсак, Үңкүр-Тоого учак менен түшүрүлгөн өзбек милиция кызматкерлери 4 кыргыз жаранын кармап кетишкен. Учурда жарандарды кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыксыз болууда.
"Биз өзбек тарапка кат жибердик, азырынча жооп боло элек", - дешти Чек ара кызматынын басма сөз кызматы.