№1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучу асынып алды

№1-СИЗОдо 21 жаштагы айыпталуучу асынып алды. Бул тууралуу бүгүн, 24-августта Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Окуя 23-август күнү саат 16:00 чамасында болгон. Анда 1995-жылы туулган Айбек аттуу айыпталуучу өз шейшеби менен асынып алган. Ал алдамчылык боюнча айыпталып камалган. Ошол учурда жанында эч ким жок болгон. Ошондой эле анын денесинен эч кандай жарааттын издери табылган эмес. Учурда окуя тууралуу иликтөө иштери жүрүп жатат”, - деди Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
romantik
2016-08-24 18:18:12
Шейшеп бербей эле койгулачы.Матрастын устуно эле жатышса жакшы болмок.Ээн оной кутулуунун жолуго дейм.Каалаган убакта жакпагандарын шейшепке асып койушат.Шейшеп жок болсо эмне кылышмак эле деген суроо туула!
+13
Sharos3
2016-08-24 18:29:15
Олтуруп коюшуп эле асынып алды деп
алдай беришет
+14
DNurgiza
2016-08-24 18:45:17
катуу суракка алып, коркутуп атып өлтүрүп алышпаптырбы......анткени алдамчылык менен эле күнөөлөнгөн экен го, аз эле убакытта чыгат эле да
+14
Shef87
2016-08-24 19:45:22
ак жерден камалса керек да чындыктын жоктугуна чыдабай кылган го дейм
+11
Guli000
2016-08-24 19:47:59
Коп нерсе акчанын айынан болот,мумкун душманы акча сунуштап олтурткондур козубуз мн корбосок айтыш кыйын бирок...
+7
incognito1
2016-08-24 19:53:45
((((
0
MUSA.95
2016-08-24 20:46:42
Алдамчылык болсо анча деле оор эмес экен, мындай ишке барышына башка нерсе себеп болгон го чамасы..
+7
Begimkyz
2016-08-24 23:18:10
ооруканада шейшеп бербеген, СИЗОдо шейшеп бар бекен? чычкандын да баласы бул жерге тушпосунчу!
+6
Medina87
2016-08-24 23:46:30
Жаш кетиптир,жаткан жери жайлуу болсун!
Балким куру жалаадан намыстангандыр, же тергоочулордун сурак-кыйноосунан каза тапты.....
+6
aijamalym94
2016-08-25 02:38:47
Тообо кылдым.Баары табышмак...Аллахым озун кечир..
+4
simone
2016-08-25 10:03:13
Милиция менен больницага ишин тушпосун деген ушул даааааа...
+1
Sara07
2016-08-25 19:09:25
Бир жолу милициякананын жанынан отуп баратсам ,бироону ур -тепкиге алып ,сабап жатышыптыр. Копко чейин токмоктошту. Кайра келсем тынчып калыптыр (олтуруп коюштубу ким билет) Шаарыбыздагы жаны конуштардын биринде. Айтайын дегеним ,куноосу жокторду ушундай жол менен эле моюнга алдырып коюшат экен !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан