Учурда Бишкекте шаардын көчөлөрүн, борбордук аянттарды иретке келтирүү жумуштары кызуу жүрүүдө. Алдыда Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген өлкөлөрдүн жолугушуусу өткөрүлмөкчү. Жолугушууга уюмга кирген өлкөлөрдүн президенттери катышат. Бул үчүн тийиштүү кызматтар коноктор жүрүүчү борбордук көчөлөрдү иретке келтирүүдө. Ал эми шаардын башка көчөлөрү кароосуз калгандай.
Өлкөнүн жүзү болгон Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө дарактардын шактары тосуп калган жол чырактар менен жол белгилерине күбө болдук. Мындай абал айдоочуларга ыңгайсыздык жаратып, жол кырсыгына алып келери шексиз. Мындан улам Бишкек шаарында көпчүлүк байкабаган, талапка жооп бербеген жол белгилерин сүрөткө тартып, коомчулукка жарыялоону туура көрдүк.
Ал эми шаардагы адам көп өтүүчү аймактарда жолго чийилген жол белгилеринин (пешеход) өңү өчүп, айдоочуларга да, жөө адамдарга да көрүнбөй калган. Мындан сырткары Кулиев көчөсүндө жолго төшөлгөн ылдамдыкты азайтуучу дөңсөө тиешелүү түстөргө сырдалган эмес. Ал тургай "алдыда жол белгиси бар" деген белги да орнотулган эмес. Ошол эле аймакта жол белгиси коюлган мамы кыйшайып, жол белгиси жок турганын көрүүгө болот.
Борбор калаада кыйшайып, боёгу кетип калган, электр мамысына илинген жол белгилерин көзөмөлдөгөн кызмат жоктой. Мындай учурларда айдоочу белгини көрбөй калуусу ыктымал. Мындан улам жол кырсыгы катталып, адам өмүрүнө зыян алып келиши мүмкүн.
Унаалардын агымы көп өтүүчү Жибек-Жолу көчөсүндө жол чырак орнотуу зарылчылыгы жаралган аймактар бар. Жол чырак коюлбаган жерлерде негизги жолго чыгуучу унаа бир канча убакытка күтүп, айрым убактарда жол кырсыгы болуп кетүү коркунучу бар экендиги байкалат. Ал эми шаардагы көчөлөрдө айдоочуларга тоскоолдук жараткан канализация кудуктары жолдун деңгээлинен бир канча төмөн курулуп, андан айланып өтүүгө аракет кылган айдоочулар кырсыкка кабылары айныксыз чындык.
Жол белгилери - айдоочулардын да, жөө жүрүүчүлөрдүн да жолдогу жашоосуна нускама. Ал эми нускама көрүнүктүү жана түшүнүктүү болушу шарт экенин белгилеп кетсек.