Бүгүн, 26-августта Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынына катышууда. Ал айрым спортчуларыбыздын ийгилик жаратканын, айрымдары күтүлгөн жыйынтыктарды көрсөтө албаганын айтып берди.
"Олимпиада оюндарында биздин агенттик спортчулар үчүн, машыктыруучулар үчүн болгон шарттарды түзүп берди. Балбандар Айсулуу Тыныбекова, Арсен Эралиев, Магомед Мусаев, дзюдочу Отар Бестаев медаль алат деген үмүттө болчубуз. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аяктаган соң жыйын уюштуруп, айрым чечимдерди кабыл алабыз. Анда айрым спорт түрлөрү боюнча башкы машыктыруучуларды кызматтан алабыз. Бүгүнкү күндөн тарта биз кийинки Олимпиада боюнча план түзүп баштайбыз", - деди ал.
Кошумчалай кетсек, "Рио-2016" Олимпиадасына 6 спорт түрүнөн 19 спортчубуз катышкан. Анда Иззат Артыковдон башка спортчуларыбыз байгеге илинбей калышкан. Коло тагынган Иззаттын медалы 18-августта Спорттук арбитраждык сот тарабынан тартылып алынган.