Үңкүр-Тоодогу станцияда иштеген 4 кыргыз жаранынын кармалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов Аксыдагы 27-августта уюштурулган митинг учурунда билдирди. "Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин "адам уурдоо" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Анын жыйынтыгында баары белгилүү болот", - деди Асанов. 27-августта Аксы районунда жергиликтүү тургундар митингге чыгышып, Үңкүр-Тоону коргоо жана 4 кыргыз жаранын бошотуу талабын коюшкан.
Айта кетсек, Үңкүр-Тоодогу станциянын 4 кызматкери өзбекстандык милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук ички иштер бөлүмүнө алынып кеткенин Чек ара кызматы 24-августта билдирген эле. Өзбекстандык маалымат булактары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып: “22-август күнү Үңкүр-Тоодо паспорттук режимди текшерүү жүрүп, Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн 4 жаран кармалды”, - деген маалымат тараткан.