Москвадагы өрттөн жаракат алып, ооруканага жетпей каза болуп калган 26 жаштагы Айчүрөк Абдумаматованын артында чырактай эки кызы калды. Жолдошу Хусмидин Умаров SUPER.KG'ге кайгысын айтты.
"Айчүрөк кечинде "жаным, жумушка кеттим" деп кеткен. Эртең менен эле жумушунан телефон чалып, "келинчегиңиз өрт кырсыгында калды, бактыга жараша, аман" деп айтышты. Дароо эле ооруканага жиберилип, бирок жолдо эле каза болуп калыптыр. Ортобузда 5 жана 4 жаштагы эки кызыбыз бар. Эми аларга эмне деп жооп айтам?" - деп мукактанды.
Хусмидин Айчүрөк экөө кыздарын жакындарына таштап Москва шаарына май айында гана келишкен. "Үй салып алалы" деген максатта 24-майда келгенбиз. Айчүрөк басмаканага 14-июлда ишке орношуп, иштеп жаткан. Кыздар 4-кабатында, балдар 1-кабатында иштешчү. Айчүрөк жумушуна алып барып, кыздары менен тааныштырган, жалаң жаш кыздар эле. Каза болгон кыздар эртең менен кезегин тапшырыш үчүн кийимдерин алмаштырганга кирип кетишип, өрт чыкканын байкабай калышкан экен", - деп айтты Умаров.