Бишкектеги Кытай элчилигинин алдында унаасын жардырган жан кечти-террористтин өздүгү такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта КРнын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди.
“Кытай элчилигинин жанындагы жардырууну жан кечти-террорист уюштурган. Элчиликтин 3 кызматкери жабыркаган. Алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Жан кечти-террорист окуя болгон жерден каза тапкан”, - деди Жеңиш Разаков.