Ош шаарында жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди

Ош шаарында жаңы көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, пайдаланууга берилген көпүрө Курманжан датка, Төлөйкөн жана Туран айылдарын бириктирип турат. Көпүрөнүн ачылуу аземине Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин депутаттары, мекеме-ишканалардын жетекчилери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

“Жаңы ачылган көпүрө студенттер үчүн эң ыңгайлуу болду. Бул эстакадалык көпүрөгө бөлүнгөн акча каражатынан үнөмдөлгөн суммага курулду. Ал эми студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөдөн сарамжалданган акчага үчүнчү көпүрөнү пландаштырып жатабыз. Жасалып жаткан иш-аракеттер жаштардын жаркын келечеги, шаардыктардын ыңгайлуу жашоосу үчүн кам көрүү болуп эсептелинет”, - деп билдирген шаар мэри Кадырбаев.

Белгилей кетсек, курулуш иштери “Сутранспромжилстрой” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан жүргүзүлдү. Жалпы сметалык баасы 73,0 миллион сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзгөн. Жолдун жалпы узундугу 0,5 чакырым, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метрди түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Мэри
2016-09-01 14:55:32
Жакшы экен. Элге кызмат кылган, бышык көпүрө болсун!
0
rukopashnik
2016-09-01 15:17:25
Айтиш алдап атат да эми элди ушунтип,мындай көпүрөнү кытайлар убактылуу 5күндө куруп коёт.
+10
Artyr1994
2016-09-01 16:07:37
Экономдогон купуробу . бул копуросу да 5 айда тугунон тешилип Суу агып дагы ит болуп калбайт экенби бул АШАнын ишенген адамы
+5
balzak
2016-09-01 16:28:48
болсун-болсун, Ош копуролордун шаары болуп баратабы))))))
+2
Palan4a
2016-09-01 16:58:16
balzak,хахаха))
0
Oolokon
2016-09-01 18:02:23
Копуро курган сооп иш. Азаматсыз Айтмамат ака!!!
-5
Revolyutsiya
2016-09-01 18:47:51
Айтмамат Кадырбаев Мырзакматовдун 1-2 айлык ишин да аткара албады 2-3 жылдан бери мэр болсо да. Копуродон 70-80млн сом уномдоп курдурган копуросунун "сапатын" коргон бут Оштун эли нааразы болууда. Эми ал копуронун жыртык-тешиктерин жамоо учун 70-80 млн эмес 200 млн да жетпей калат улам улам жамай берип...
+5
Revolyutsiya
2016-09-01 18:50:49
Нурага эптемей уй салдырдынар кытайларга, Ош коогаланынан кийин Ошко эптеп-септеп салган уйлорунор ошондо эле жарака кеткен, аны эми ким башынан салып бермек эле жоопкерчиликти эч ким албаса. Курган копуронордун абалы тиги жыл айланбай жатып... Дагы мактанып коюшат уялбай... Соз жок!!!
+2
zhumagul89
2016-09-01 19:05:31
Ммм бир айдан кийин ремонттоп журушбосо эле болду, АШАнын артынан созсуз чаласы калчы элего.
+2
aizbek
2016-09-01 21:09:39
уномдоп атам деп элди алдап эмне кереги бар убактылуу сапатсыз копуролорду куруп,жыл айланбай жамап,
+2
edik.toloikon
2016-09-02 13:00:29
Урматтуу Айтмамат ака саны бар сапаты жок нерсенин бизге кереги жок ака))
+2
altynbek_canto
2016-09-07 11:26:04
Ошко ар жактан Тролейбусстун линияларын көбөйтүш керек жана автобусстарды да көбөйтүш керек мындай каттамдар аябай аз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан