Москвада өрттөнгөн басмакананын жетекчиси издөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда орусиялык басылмалар Москва шаарынын Тергөө комитетине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, “Печатный экспресс” ишканасынын башкы директору Сергей Москвин жана ишкананын башкы инженери Антон Яцков издөөгө алынды. Алар “өрт коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча айыпталышууда.
Москва шаарынын прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө басмаканада өрт коопсуздук эрежелери сакталбаганы белгилүү болгон. Ошондой эле өрт кырсыгынан каза тапкан Кыргыз Республикасынын 14 жаранынын 10у Москва шаарында каттоого турушпаганы аныкталган.
Айта кетсек, 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада өрт чыгып, анын кесепетинен 17 адам каза тапкан. Алардын 14ү Кыргыз өлкөсүнүн жарандары болушкан.