22:54 II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи аяктады.
22:51 Көчмөндөр оюндарынын расмий гимнин жандуу үн менен сахнада ырчылар Кайрат Примбердиев, Ырыскелди Осмонкулов, Темир Назаров, Жийдеш, Гүлнара Тойгонбаева, Нурайым Азыкбаева, Адил Чекилов, Гүлзада Рыскулова, Эрлан Кенжегулов ырдап жатышат.
22:48 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни жаңырып, фейерверк атылып жатат.
22:41 Спортчулардын жүрүшү аяктады. Өлкө башчы коноктор менен учурашып, оюндардын башталышы менен куттуктап, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары расмий түрдө ачылды.
22:37 Кыргыз Республикасынын спортчулары майданга аттанышты. Көрүүчүлөр өзгөчө толкунданып, спортчуларды кызуу кол чабуу менен тосуп алышты. Алар менен кошо президент Алмазбек Атамбаев чыкты.
22:34 Түштүк Кореядан 3 спортчу келген. Япониянын жана Кувейттин спортчулары, Катар Республикасынан 1 гана спортчу өттү. Норвегия, Эквадор, Франция Республикасынан келген спортчулардын саны аз. Алардын көбү интеллектуалдык оюндарга катышат.
22:26 Тажикстандан келгендер жеке таймаш боюнча келишкен. Түркмөнстандан жана Түркиядан келген спортчулар көрүүчүлөрдүн астынан өтүп жатышат. Украинадан таяк тартыш, жеке таймаш боюнча спортчулар келишкен. Алыскы Уругвайдын спортчулары да таяк тартыш, жеке таймаш боюнча келишкен. Филиппин, Финляндия, Чехиянын спортчулары өтүштү. Өзбекстанда аза күтүү күнү болуп жаткандыктан, бул өлкөнүн спортчулары келишкен жок.
22:15 Сербиядан таяк тартыш боюнча келген спортчулар өтүштү. Словакиядан келген спортчулар өтүп, ал өлкөнүн желеги майданда желбиреди. АКШнын спортчулары интеллектуалдык оюндар жана таяк тартыш, жеке күрөш, ордо оюну боюнча келишкен. Аларды колдоп жердештери да стадиондо отурушат. Ал эми Стивен Сигал кол көтөрүп, аларды колдоорун билдирди.
22:09 Орусиядан эң көп спортчу келген. Алардын курамында 7 облус менен Башкортостандан келгендер бар. Стадиондогу күйөрмандар орусиялык спортчуларды өзгөчө жылуу тосуп алышты. Свазиленд өлкөсүнөн таяк тартыш боюнча 2 спортчу келген. Тааныштырылган спортчулар көк бөрү талаасына тизилишүүдө. Ал эми сахна жасалгаларында Кыргыз өлкөсүнүн желеги чагылдырылып жатат.
22:05 Монголиянын спортчуларынын саны көп, ал эми Нидерландыныкы 2 гана спортчу. Польшанын спортчулары тогуз коргоол жана манкала оюндары боюнча келишкен. Алар өткөн соң Бириккен Араб Эмираттарынан, Пакистандан келген спортчулар өтүштү.
22:02 Литванын 3 спортчусунан турган командасы өттү. Мадагаскардан 6 спортчу таяк тартыш боюнча келген. Алар жөн өтпөй, бийлеп өтүштү. Молдованын 1 спортчусу да таяк тартыш боюнча келген.
21:57 Стивен Сигал орун алды. Ал эми коңшу Казакстандын спортчулары таяк тартыш, ордо, тогуз коргоол, эр эңиш, көк бөрү оюндарына катышат. Жердин аркы бетинен Колумбиянын бир спортчусу күрөш боюнча келген. Алардан соң Конго өлкөсүнөн келгендер өтүштү. Кытай Эл Республикасынын спортчуларынын саны - 5.
21:54 Индонезия жана Иран спортчулары күйөрмандардын алдынан өтүп жатышат. Ирандан калыстар тобу да бар. Исландия өлкөсүнөн да бир гана спортчу келген. Италиядан келген спортчулар таяк тартыш жана дагы башка спорт түрлөрүнө катышышат.
21:52 Грузиянын спортчулары да күрөш боюнча күч сынаша тургандар. Алар улуттук кийимчен өтүп жатышат. Зимбабве жана Израиль өлкөсүнөн келген спортчуларга кезек келди. Индия өлкөсүнөн таяк тартыш боюнча спортчулар басымдуулук кылышары маалым болду.
21:47 Бразилиядан таяк тартыш (мас-рестлинг) боюнча спортчулары келишкен. Венгриядан көк бөрү, эр эңиш, таяк тартыш, жаа атуу, күрөш боюнча чоң команда келген. Германиядан келгендер күрөш, тогуз коргоол, жаа атуу, жеке таймаш, таяк тартыш боюнча спортчулар.
21:44 Армениядан келген спорт чеберлеринин көбү атлетика жана күрөш боюнча келишкен. Ооганстан жана Бангладеш спортчулары күйөрмандарына кол булгалап өтүштү. Беларусь өлкөсүнөн 5 спортчу келгени маалым болду.
21:42 Азербайжандан күрөш жана ат чабыш боюнча катыша турган спортчулар өтүп жатышат. Аргентинадан күрөш боюнча бир гана спортчу өттү.
21:40 Сахнага актёр Стивен Сигал чакырылып, ал ат минип чыкты. Көрүүчүлөр кол чабуу менен тосуп алышты.
21:36 Өлкөнүн ар дубанынан келген миң комузчу "Маш ботой" күүсүн чертти.
21:28 Султан Садыралиев "Кыргыз бийин" аткарып, бийчилер улуттук бий бийлешти. Комуз күүсү жаңыра баштады. Комузчуга кыл кыякчы, ооз комузчу, чоорчулар кошулуп, улуттук күү чертилип жатат. Сахнадагы топтун арткы фонунда жарык менен кооз шоу көрсөтүлүүдө.
21:23 Гүлзада Рыскулова жана ырчылар тобу "Гүлдөй жан" ырын ырдаган соң Асел Касмакунова "Кара жорго" ырын ырдап, сахнага жүздөгөн бийчилер чыгып, "Кара жорго" бийин бийлешти. Учурда Мирбек Атабеков "Мөлмөлүм" ырын аткарууда.
21:14 Сахнада Гүлзада Рыскулова бешик менен кошо келип, наристеге арналган ырын аткарды. Тынч жашоодо жашап жаткан кыргыз элин кыргыз гана кырып жок кыларын билген душмандар келип, эненин колундагы бешикти жулуп кетишти. Алар кыргыздын 40 уруусунан 100 баланы аскер кылып чоңойтуп, кайрадан кыргыз жерине жиберишкени айтылды. Сахнага өрттөнгөн атчандар чыгышты. Бирок кыргыз жигиттери энелеринин үнүн угуп, аларды таанып, үйлөрүнө кайтышканы көрсөтүлдү.
21:08 Чыңгыз хан тууралуу тасмага күбө болуп жатабыз. Тасмада Кыргыз жеринин кооздугу менен биргеликте ал үчүн күрөшүп каза тапкандар, курмандыктар чагылдырылган. Чыңгыз ханга анын уулу Жоочунун өлүмү тууралуу комуз аркылуу угузушканы көрсөтүлүп, комуз чертилди.
21:05 Баласагын шаарынын, Караханиддер падышалыгынын тарыхы, Махмуд Кашгари жана Жусуп Баласагындын жасаган эмгектери тасма аркылуу көрсөтүлдү. Тасманын негизги мааниси - билимдин булагы биздин жерден тараганы.
21:00 Көз жоосун алган 3D технологиясы менен биздин маданиятыбыз, салт-санаабыз чагылдырылып, Айыма Айылчиева "Ак бата" ырын ырдады.
20:57 Түркмөнстандын улуттук тобу жылкылары менен чыгып, өнөрлөрүн көрсөтүүдө. Алар менен кошо кыргыз атчандары тыйын эңмей, эр эңиш сыяктуу улуттук оюндарын кыскача көрсөтүп түшүндүрүп берүүгө аракеттеништи.
20:50 "Манастан" үзүндү айтылып, Көкөтөйдүн ашы театрлаштырылып жатат. Сахнадан Манас жана Бакай орун алышты. Кыргыздын атчан жигиттери чыккан маалда көрүүчүлөрдү абдан толкунданып колдошту.
20:45 Грецияга жаңгак Кыргыз жеринен барганы көрсөтүлүп жатат. Македониялык Александрдын Азияга келип, Айымкызга жолукканы чагылдырылууда. Айымкыз аркылуу дүйнө жүзүнө Арстанбап жаңгагы тараганы чоң экранда жана сахнада коноктор үчүн тартууланды.
20:40 Сулайман пайгамбар жана Сулайман-Тоо, дүйнөлүк цивилизация тууралуу лазердин, актёр, бийчилердин жардамы менен сахналаштырылган шоу көрсөтүлүп жатат.
20:30 Учурда Чолпон-Ата шаарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи кыргыз бийчилеринин бийи менен ачылып, атайын даярдалган сахнадан кыргыз элинин көчмөн жашоосун чагылдырган тасма көрсөтүлдү. Андан соң ырчы Батма Султанова "Күн балдары" ыры менен чыгып, кезекти Ырыскелди Осмонкулов патриоттук ыры менен кабыл алды.