"Манас" аэропортунан Орусиядан жасалма документ менен учуп келген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн эртең менен Москва-Бишкек каттамы менен учуп келген 1986-жылы туулган К.К. аттуу Кыргыз өлкөсүнүн жараны көзөмөл-өткөрүүчү жайдан жасалма документ көрсөткөн. Тийиштүү документтер чогултулган соң кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.