"Элдик кабар" рубрикасынын жардамы менен Екатеринбургда селсаяк болуп кеткен кыргыздар мекенине жиберилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда SUPER.KG порталына Екатеринбургдагы мекендешибиз Ильгизбек Нарматов билдирди.
Эскерте кетсек, 3-сентябрда окурманыбыз "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу селсаяк болуп кеткен эки кыргыз жараны тууралуу кабар жөнөтүп, элчиликтен тиешелүү деңгээлде жардам болбой жатканын кабарлаган.
"Кабар чыккан күнү эле консулдуктун кызматкерлери Екатеринбургдагы демилгечилер - биз менен жолугушту. Кызматкерлер баарын түшүндүрүп беришти. Алгач консулдукка барардан мурун аймактык полиция кызматкеринен жарандын паспорту жоголгону тууралуу билдирмени алышыбыз керек экен. Андан соң консулдукка 2400 рубль салык төлөмөк экенбиз, бул расмий документтерде көрсөтүлүптүр. "Дүйшөмбү күнү керектүү документтерди даярдап беребиз" деп, селсаяк болуп кеткен бир туугандарды мекенибизге жиберерин айтышкан. Мен ачуулукка алдырып, силерге эрте маалымат берип алыптырмын", - дейт Нарматов.
"Мекендештерибиздин бири Жалал-Абад облусунан, бири Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынан. Кызыл-кыялык мекендешибиздин документтерин консулдуктун кызматкерлери бүтүрүп беришти, мекенибизге узаттык. Ал эми жалал-абаддык мекендешибиздин паспорту табылып, аны да Кыргыз өлкөсүнө салып жибердик. Эми дагы 15тей кыргыз бар экен, ушул эки жердештерибиздей эле. Арасында эже-карындаштарыбыз бар, аларга да жардам берели деген ойдобуз. Консулдукта иштегендер документтерин бүтүрүп беришсе, каражатын ушул жактагы эле кыргыздар чогултуп, салып жиберебиз", - деп билдирди Ильгизбек Нарматов.