2009-жылы Ильяз Абдыразаковдун "Азап" деген ыры жарыкка чыгары менен хит ырлардын катарын толуктаган. Ошол убакта бул чыгарма менен "ооруган" жаштар да көп болгон.
Клип тууралуу Ильяз Абдыразаков буларга токтолду:
"Кимди тартсак деп көпкө ойлонуп, издеп жүрүп, акыры спорттун теннис түрү менен машыккан эгиз кыздарды тандап алганбыз. Алар көптөгөн чет өлкөлөргө чыгып өлкө намысын коргоп, бир топ ийгиликтерге жетишкен экен. Аттары да эсимде калбаптыр, клип тартылып бүткөн соң байланыш үзүлгөн. Азыр алар кайда, эмне менен алектенишерин билбейм. Клипти кээде түнү менен тарткан убактар болгон. Андыктан кыйынчылыктар болбой койгон жок. 2009-жылдагы хит чыгармаларымдын катарын толуктаган. Кийин "Азап" тасмасы тартылган соң ушул эле ырга дагы бир клип тарттыргам".
Клип "Медиа-портал" бөлүмүндөгү колдонуучулардын да көптөгөн жакшы ой-пикирлерине ээ болгон. "Мына, ыр деп ушуну айтыш керек. Идеясы абдан жакшы, ырдын мазмуну эң сонун. Клип профессионалдык деңгээлде тартылган", "мен Ильяздан ушуну күткөн элем, Орусиянын ырчылары бул жакта эле калды окшойт", "клип менен ыр супер, мага абдан жакты", "ушул ыр менен гана жашап калгам, эң жакшы" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.
Ильяз Абдыразаковдун "Азап" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.