Нарын районунда жеңил унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус сүзүшүп, эки адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
“Кырсык 8-сентябрга караган түнү Бишкек-Торугарт унаа жолунун 515-чакырымында болгон. Анда Тойота Хайлендер үлгүсүндөгү унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган автобус сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаанын 1963-жылы туулган У.А. аттуу жүргүнчүсү жана 1986-жылы туулган А.У. аттуу айдоочусу каза болушкан. Ал эми автобустун ичиндеги 2006-жылы туулган жүргүнчү жеңил жаракат алып, Нарын шаардык ооруканасына жеткирилген”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.