Оор атлетчи Иззат Артыков кыздуу болду. Бул жагымдуу кабарды SUPER.KG`ге спортчунун келинчеги Айгерим Замирбекова бүгүн, 15-сентябрда билдирди.
"11-сентябрь күнү кыздуу болдук. Учурда үйгө чыгып келдик, кызым экөөбүздүн тең абалыбыз жакшы. Тун наристебиздин ысымын Раяна деп апабыз (Иззаттын апасы) койду. Жолдошум ата болгон башкача экен деп кызын айланчыктап, мага каралашып жүрөт", - дейт Айгерим Замирбекова.
Белгилей кетсек, оор атлетчи Иззат Артыков "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасындагы оюндарда коло медаль тагынган. Бирок аз өтпөй "допинг колдонду" деп жеңиши жокко чыгарылган.