Бишкекте "Китепстан" аттуу иш-чара болот

23-апрель - Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата борбор шаарда “Китепстан” аттуу иш-чара өтөт. Бул күнү басмаканалар арасында жылда өтүүчү “Китеп искусствосу” аттуу сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Анда өлкөдөгү 25ке жакын басмакана “өнөр”, “жеткинчек”, “мурас”, “замандаш”, “илим”, “чеберчилик” сыяктуу багыттар боюнча мелдешип, алардын ичинен эң мыкты жасалган китеп 1-орунду алмакчы. Иш-чара Мамлекеттик китеп палатасы тарабынан уюштурулуп, Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде республикалык деңгээлде китеп жарманкеси да болот.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан